НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6- марты № 8 Нарын шаарындагы мурдагы №3 Киров атындагы мектептин имаратын буздурууга макулдук берүү жөнүндө

                    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

                      КЕЗЕКТЕГИ  ХХII СЕССИЯСЫНЫН

            ТОКТОМУ

 

 

 2026-жылдын  6- марты  № 8

 

Нарын шаарындагы мурдагы №3 Киров атындагы мектептин имаратын буздурууга 

макулдук берүү   жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсин жана  КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде, Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан мурдагы Киров атындагы мектептин имаратына инженердик техникалык жактан  жүргүзүлгөн 2026-жылдын      10-февралындагы №11 «Техникалык корутундусуна таянып,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын Турдубаев көчөсү №37 дарегиндеги мурдагы №3 Киров атындагы мектептин имаратынын ордуна Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын авто техникаларына кошумча бокстарды жана бастырмаларды (навес) салуу максатында Нарын шаарынын Турдубаев көчөсү  №37 дарегиндеги мурдагы Киров атындагы мектебинин имаратын  буздурууга макулдук берилсин.
  2. Буздуруу иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып баруу  жана бузуудан алынган жарактуу курулуш материалдарын туура пайдаланууну көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына таршырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                  Ж.Эсеналиев

 

 

Добавить комментарий