НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-марты № 9 Күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХII СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

 2026-жылдын 6-марты  № 9                                                                                                            

 

                      Күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын,  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын  V бөлүмүнүн 19-беренесин жетекчиликке алып,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, трансорт, курулуш, архитектура, отун энергетикасы боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы  токтом  кылат:

  1. Нарын шаарындагы М.Жусаев атындагы паркына орнотулуучу айланма аттракцион үчүн бөлүнүп берилген идентификациялык коду    4-05-01-0002-0957, 2000 (эки миң)  чарчы метр  жер тилкесин күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
  2. Күрөөгө коюу боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 

      Төрага                                                                                                                                        Ж.Эсеналиев

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий