НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-ноябры № 1
Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) «Нарын шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоочу системасын реабилитациялоо» долбоорунун II фазасын ишке ашырууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБӨР) долбоорунун экинчи фазасы боюнча жаңы тазалоо курулмаларын куруу жана Сагынбай-Орозбак көчөсүндөгү канализация тармагын реконструкциялоо үчүн 2 500 000 евро суммасындагы (анын ичинде кредитке 1 580 000 евро, грантка 920 000 евро) кошумча каржылоого макулдук берүү жөнүндөгү сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын инфратүзүмүн жакшыртуу, айлана чөйрөнү коргоо, санитардык абалды сактоо максатында Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын «Нарын шаарынын суу менен жабдуу жана канализация системасын реконструкциялоо (2-фаза)» долбоорунун экинчи фазасы үчүн кошумча каржылоону ишке ашырууга макулдук берилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
