НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2025-жылдын 11-ноябры №3

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIХ  СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын  11-ноябры  №3

 

Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык  ишканасына кошумча штаттык

                                                         бирдиктерди ачуу жөнүндө                                                                                                                          

 

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1.  Нарын шаардык «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасына автовышканын  айдоочусу жумуш  ордуна 1 (бир), суу ташуучу унаа айдоочу жумуш ордуна      1(бир), эксковатор айдоочусуна 1 (бир), Хово жана портер  унаасынын айдоочусуна 1(бир), жалпы 4 (төрт)  штаттык бирдиги  ачылып берилсин жана алынып келинген техникалар ишке киргизилген күндөн тартып, мекеменин штаттык бирдигине  киргизилсин.

 

  1. Ачылган кошумча штаттык бирдиктердин эмгек маяналарына жана социалдык фондуна төлөнүүчү  сумма  ишкананын үнөмдөлгөн акча каражатынын  эсебинен каржылансын жана штаттык бирдиктерди бекиттирүү жагы Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык  ишканасынын директоруна жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.     

 

 

Төрага                                                                                                                                                                           Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий