НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХIV  СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

 

16 -сентябрь 2025жыл                                                                                                                                                                   Нарын шаары

 

Нарын шаардык прокуратурасына жер тилкесин

 өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “ Муниципалдык,  менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги   сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын М.Жакыпов көчөсүндөгү Нарын шаардык прокуратурасынын жаңы салынып жатан имаратынын идентификациялык коду №4-05-02-0002-1532 жер аянтынын күн батыш тарабындагы 200 чарчы метр жер тилкесин Нарын шаардык прокуратурасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                    Ж.Эсеналиев

 

 __________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

Добавить комментарий