НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

 14-октябрь 2025-жыл                                                                                                                                                                  Нарын шаары

     Нарын шаардык коммуналдык ишканаларынын жалпы кызматкерлеринин  эмгек маяналарын көтөрүү жөнүндө

 

             Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, коммуналдык ишканалардын эмгек жамаатынын кайрылуу каттарына жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын  протоколунун чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарындагы, Нарын шаардык “Таза-Нарын”, “Жашылдандыруу” ишканаларынын, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча  муниципалдык  ишканасынын жалпы эмгек жамааттарынын негизги эмгек маяналары 30  пайыздык  өлчөмгө көтөрүлсүн.

 

  1. Коммуналдык ишканалардын эмгек маянасынын көбөйтүлгөн өлчөмү Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Экономикалык чыгымдар” беренесинин эсебинен жана муниципалдык ишканалардын 2025-жылга карата бекитилген эмгек акыларынын үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен каралып, көтөрүлгөн эмгек   акыларын   төлөө 2025-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлсүн.

 

  1. Коммуналдык ишканалардын көбөйгөн эмгек акыларын эсептеп чыгуу ишканалардын жетекчилерине жана башкы эсепчилерине жүктөлсүн.

 

  1. Ишканалардын көтөрүлгөн эмгек акыларын төлөп берүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

                                                                                                                                      

       Төрага                                                                                                                                                                             Ж.Эсеналиев

______________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  юстицияга, мэрияга, финотделге, ММИге, Таза-Нарынга, Жашылдандыруу ишканасына;

Добавить комментарий