НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-марты № 1 Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXII СЕССИЯСЫНЫН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын   6-марты № 1      

 

 

Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин  жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча”  туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү       1-тиркемеге  ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)
  2. Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 29022,6 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  3. Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен берилген 2445,7 миң сом акча каражаты бекитилсин.
  4. Нарын шаарынын 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин 19300,1 миң сом такталган планы бекитилсин.
  5. Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына (Ж.Урустемов) жүктөлсүн.
  6. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                  Ж.Эсеналиев

 

Срав. таблица 2026

 

 

Добавить комментарий