НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ IХ  СЕССИЯСЫНЫН

 № 1 ТОКТОМУ

19 -июнь   2025-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы    троллейбустардан алынган зымдарды  жана түркүктөрдү  сатууга    макулдук

берүү   жөнүндө

 

Нарын шаардык мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы №01-10/42-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан  жеринде иштер  алынып барылып, троллейбустардын зым чубалыгары жыйналып,  түркүктөр толугу алынып, иштер аяктаган.

Жогорудагылардын негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана  КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

  1. Троллейбустардын линияларынан алынган зымдарын жана түркүктөрүн сатууга макулдук берилсин жана   мыйзам талаптарына ылайык иштер жүргүзүлүп,   Нарын шаарынын  мэри   К.Тутуевдин  түздөн -түз  жоопкерчилиги катары  белгиленсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышына жана түшкөн акча каражатынын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жагы  Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн жана Нарын шаардык Кеңешине толук маалымат берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                       Ж.Эсеналиев

 

 

 _____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

 

Добавить комментарий