НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
19-июнь 2025-жыл Нарын шаары
РТС чөлкөмүнүн А.Молдоев №186 дарегинде жайгашкан мечиттин жер тилкесин муниципалдык менчиктин балансасынан Нарын облусунун казыятынын балансасына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын жана Нарын регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын бүтүмүнүн негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын РТС чөлкөмүнүн А.Молдоев №186 дарегинде жайгашкан мечиттин ордуна Нарын облусунун мусулмандар казыяты тарабынан баардык ыңгайлуу шарттары менен жаңы заманбап мечит куруу үчүн жогорудагы мечитке тиешелүү жер тилкесин муниципалдык менчиктин балансасынан Нарын облусунун казыятынын балансасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
- Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облусунун мусулмандар казыятына, Муниципалдык менчик башкармалыгына, юстиция башкармалыгына;