НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
19-июнь 2025—жыл Нарын шаары
Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ижарага берилген жер аянттарынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Инвестициялык өндүрүш тармагында иш алып барган ишкерлерге ижарага 2001кв метрден өйдө берилген жер тилкесине болгон тарифи тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
______________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына;