НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 9 ТОКТОМУ
19-июнь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы калктуу конуштарга жана көчөлөргө ысым ыйгарууну
токтотуп туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы “ 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарбасын каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №122 токтомуна ылайык, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, наамдарды ыйгаруу боюнча ” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы калктуу конуштарга жана көчөлөргө ысым ыйгаруу 2029- жылдын июнь айына чейин токтотулуп турулсун.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
__________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,туруктуу комиссияга;