НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

 

28-апрель 2025-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

 

“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын борбордук имаратын куруу үчүн  жер тилкесин бөлүп берүүгө    макулдук берүү   жөнүндө

 

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын,  КРнын Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктун  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын чогулушунун протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катын,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык,  менчик жер, архитектура, курулуш, отун-энергетика, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын аймагына “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Нарын филиалынын борбордук имаратын курууга “Кыргыз-Араб достугу”-РТС чөлкөмүндөгү А.Молдоев көчөсүнүн жээгинен жалпы аянты 0,10 гектарды түзгөн жер тилкесин бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

 

  1. Жер тилкесин бөлүп берүүдөгү иш кагаздарын мыйзамдуу жүргүзүүгө, иш алып барууга көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                 Ж.Эсеналиев

 

 

 _________________________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Нарын филиалына, Нарын облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

Добавить комментарий