НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

 

28-апрель 2025-жыл                                                                                                                                   Нарын шаары

 

                               “Сот  Адилет үйүн”  куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө

                                                        макулдук берүү   жөнүндө  

  

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын,  КРнын “Жер кодексин” КРнын Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктун  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын чогулушунун протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катын,  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун –энергетика, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарына “Сот Адилет үйүн” куруу үчүн Нарын шаарындагы А.Молдоев кочөсүнүн жээгинен 4500,0 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бөлүнүп берилген жердин ордуна Нарын шаарындагы Ленин  көчөсү №39 дарегинде жайгашкан Нарын облустук сотунун имараты Нарын шаардык мэриясына  өткөрүп берилсин.
  3. Имаратты өткөрүп алуу үчүн Нарын шаардык мэриясы тарабынан  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасынын макулдугу алынгандан кийин токтомдун 1-пункту   күчүнө киргизилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                        Ж.Эсеналиев  

 

 

 ___________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук сот башкармалыгына, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

Добавить комментарий