НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 4ТОКТОМУ

                              НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН

 № 4ТОКТОМУ

 

28-апрель  2025-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары

 

                          Нарын облустук прокуратурасына  жер тилкесин бөлүп берүүгө

                                                          макулдук берүү   жөнүндө  

  

 Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун –энергетика, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын И.Раззаков көчөсү №47в дарегиндеги жалпы аянты 604,0 чарчы метр жер тилкесин Нарын облустук прокуратурасына  бөлүп  берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Жер тилкесинин  ордун тактап,  чектеп, бөлүп берүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү документтерин, иш кагаздарын бүткөрүү Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын регионалдык шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                            Ж.Эсеналиев

 

 

 ___________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук прокуратурасына, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

 

Добавить комментарий