НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5 ТОКТОМУ
28— апрель 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы “Ала -Тоо “ стадионун буздурууга
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “ Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- “Кыргыз футбол” биримдигинин долбоорунун негизинде курулуучу заманбап, баардык ыңгайлуу шарттары менен 5000 (беш миң) орундуу, жалпы аянты 2,9 га жер тилкесине стадион куруу планынын ишке ашыруу максатында Нарын шаарындагы С.Орозбак көчөсү №40 дарегинде жайгашкан “Ала -Тоо “ стадионун жана ичинде жайгашкан имараттарды толугу менен буздурууга макулдук берилсин.
- Буздуруу иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып баруу жана бузуудан алынган жарактуу курулуш материалдарын туура пайдаланууну көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына таршырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына;