НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ VIII  СЕССИЯСЫНЫН

 № 6  ТОКТОМУ

28-апрель 2025-жыл                                                                                                              Нарын шаары

                                   

Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 31-январь 2024-жылдагы кезектеги ХХIХ сессиясынын №3 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө

 

   Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө»   Кодексинин 74, 76-беренелерине жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде жана мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын сунуштарына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы  “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ушул токтомдун 1-пунктуна “жыйымдын эсебин тапшыруу  жана”,” токтомду аткарууга алууда  2025-жылдын 1-январынан берки мөөнөтү эске алынсын”-деген сөздөр жана сүйлөмдөр  кошумчаланып, “Нарын шаарынын аймагында юридикалык жана физикалык жактарга ишкердик үчүн багытталган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчү бекитилген аянтына, жумушчулардын санына жараша, таштандыларды ташуунун тарифине ылайык, калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн  “жыйымдын эсебин тапшыруу  жана”  төлөө мөөнөтү ар жылы 1-июлга чейин  белгиленсин, ал эми, токтомду аткарууга алууда  2025-жылдын 1-январынан берки мөөнөтү эске алынсын”-деген  толуктоо киргизилсин.

 

  1. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                              Ж.Эсеналиев

 

 

 ____________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

Добавить комментарий