НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 9 ТОКТОМУ
28-апрель 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагында турган Ауди-100 автоунаасын башкармалыктын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине, «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболорго жана шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 1992-жылы өндүрүштөн чыккан, Ауди-100 05KG 379 АС мамлекеттик номерлүү автоунаасын муниципалдык менчиктин эсебинен чыгарууга жана сатууга макулдук берилсин.
- Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын жогорудагы автоунаасын муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана автоунааны сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына жана «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболоруна ылайык жүргүзүлсүн.
- Автоунааны сатуудан түшкөн акча каражатын максаттуу пайдалануу Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММБга.