Нарын шаардык Кеңешинин 10-декабрь 2015-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги XXVII сессиясынын №7- токтомуна тиркеме
Нарын шаарынын аймагында мал кармап багуунун
Ж О Б О С У
Мал кармап багуунун тартиби, шарттары:
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын укугу:
— Шаар тургундары менчик мал (түрүнɵ карабай) кармап, багууга;
— Баккан малын базарларда тирүүлɵй же эт түрүндɵ макулдашылган баада сатууга;
— Турмуш-тиричилигине байланыштуу шаардын аймагынан алып чыгууга, алмаштырууга жана бирɵɵлɵргɵ тартуу кылууга;
— Мамлекеттик ветеринардык кызматтан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шарттарда пайдаланууга.
Шаардын аймагында мал кармап багуучулардын милдеттери:
Кармап баккан малдарын (түрүнɵ карабай) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардан (кварталдык комитет, стат, ветеринар ж.б.) каттоодон ɵткɵрүп турууга;
— Мал багуунун санитардык — гигиеналык шарттарын туура сактоого;
— Малды жайкысын жайлоого чыгарууга же шаардын сыртына кайтарып багууга;
— Жыл бою шаарда баккандар малды короого кармап багууга;
— Малдын кыгын жана чɵп-жеминин калдыктарын чыгарып шаар ичин булгабоого жана мал ээлери калдыктарды, таштандыларды чыгаруу үчүн Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы менен келишим түзүп, келишимдин негизинде «Карга-Жайлоо» таштанды тɵгүүчү жайга тɵгүүгɵ:
— Турмуш тиричилик таштандылары чогултулган жана тɵгүлгɵн жайларга малды киргизип жибербɵɵгɵ;
— Кɵчɵлɵрдүн жээктеринде, тротуарларда, парктарда, скверлерде, газондордо жана башка шаардыктар жана шаардын коноктору эс ала турган жайларда малды жайбоого;
— Суу колонкаларында, фонтандарда жана башка коомдук жайларда малды сугарбоого;
— Шаар ичине малды кароосуз айдап жибербɵɵгɵ;
— Ветеринардык-санитардык кызматтардын справкалары жок малды кармабоого, сатпоого, алып келбɵɵгɵ жана шаардан чыгарып кетпɵɵгɵ;
— Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жɵнүндɵ» Мыйзамынын 23, 26, 27, 35-беренелерине ылайык мал ээлери мал күтүүдɵ аларга тиешелүү шарттарды түзүүгɵ, тоюттандырууга жана асыроого;
— Сатылып алынып келинген, же тартууга ыйгарылган малдарды дароо кварталдык комитетке жана ветеринардык органдарга кабарлоого жана малдарды тоюттандырууга, ден соолугу жана башка кɵрүнүштɵр тууралуу маалымдап турууга;
— Малды маал-маалы менен тиешелүү эмдɵɵлɵрдɵн милдеттүү түрдɵ ɵткɵрүп турууга жана ооругандарын ɵз убагында дарылатууга.
Шаарда мал кармап багуунун шарттарын бузгандар үчүн кɵрүлүүчү чаралар:
— Шаардын аймагында мал кармап багуунун шарттарын бузган, малды шаар ичине кароосуз айдап жиберип парктарды, скверлерди жана башка корулуучу жайларды тебелетип, бак-дарактарды сындырган жана тиричилик таштандыларында жүргɵн мал шаардык жашылдандыруу мекемеси тарабынан сунушталган атайын аймактардагы короолоруна камалып, алардын ээлерине Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жɵнүндɵ» кодексинин жана Нарын шаардык Кеӊешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги XXVI чакырылыштагы кезектеги XII сессиясынын №4 токтомуна ылайык чаралар кɵрүлɵт.
— Шаар аркылуу малдарды айдап ɵтүүчү жолдор Нарын шаардык мэриясынын 2015-жылдын 5-июлундагы №138-б буйругуна ылайык иш алып барылат.
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
-жоопту катчы- А.Абдыкеримов