НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
12-март 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык муниципалдык жашылдандыруу ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына, 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловдун сунушунун жана сессияга катышкан жалпы депутаттардын добуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Жаңы түзүлүп жаткан Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоого макулдук берилсин.
- Токтомду аткаруу жана Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору кызмат ордуна Өмүракунов Нарынбек Нурдиновичти дайындоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловго тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына.