НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН №3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­3  ТОКТОМУ

 

21- май 2019-жыл                                                                                                                                                                                 Нарын шаары

  

Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун
эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Мыйзамынын 18-беренесинин, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4-главасынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын  ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берүү боюнча «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Тянь-Шань эс алуу багынын ичиндеги Апрель Революциясында курман болгондордун эстелик тактасы орнотулган жерге, Апрель Революциясынын баатыры Кыштообаев Эмилболоттун эстелик-бюстун орнотууга макулдук берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, облустук юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий