НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­­­2 ТОКТОМУ

 

21- май 2019-жыл                                                                                                                                                                                  Нарын шаары

 

 Нарын шаарынын РТС аймагындагы Молдоев көчөсүнүн түндүк тарабына
 балдар бакчасын курууга жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө

 

                Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 14, 18 главаларына, “Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчикже ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө”Жобосуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана  “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиянын чечиминин  негизинде, Нарын шаарынын РТС аймагындагы Молдоев көчөсүнүн түндүк тарабынан 100 орундуу заманбап балдар бакчасынын имаратын курууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын карап жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы Молдоев көчөсүнүн түндүк тарабындагы муниципалдык менчике тиешелүү жерден 100 орундуу заманбап балдар бакчасынын имаратын курууга 1900 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

  1. Салынуучу балдар бакчасынын долбоордук сметалык иш кагаздарын даярдоо, бүткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга.

Добавить комментарий