НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН № 5/2 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VI СЕССИЯСЫНЫН                                №  5/2 ТОКТОМУ                              

     6-апрель   2017-жыл                                                                                                                    Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджети жана 2018-2019- жылдарга болжолу жөнүндө

             Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2018-2019-жылдардын долбоору  «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик Кодекси» жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Нарын шаардык Кеңешинин «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып  Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

                                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Нарын шаарынын 2017-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 92855,4 мин сом мунун ичинен салык жыйымдары 78133,4 миң сом жана салык эмес жыйымдары 14722,0 миң сом өлчөмүндө жана 2018-жылдын долбоору 99054,7миң сомго, 2019-жылдын долбоору  104457,7 миң сомго  бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)

2.Чыгашалар бөлүгү боюнча  92855,4 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 16553,5  миң сом,  маданият тармагына 6317,2  миң сом,  социалдык өнүгүү  тармагына 8528,8 мин сом, мамлекеттик жарандык кызмат  жана муниципалдык кызмат тармагына 16806,9 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарба тармагына 36649,0 мин сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 8000,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.  (№3 тиркеме тиркелет)

3.Нарын шаардык ,билим берүү тармагына келишим менен Нарын шаарынын №16 “Ыйман” бала бакчасына кошумча 0,5 штаттык бирдиги  үчүн 68,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүп, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө милдеттендирилсин.

4.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” 2016-жылдын 30-майындагы №75 Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин кызматкерлеринин эмгек маяналарына  2017-жылдын 3-январынан 1-апрелге чейин  25  пайыз , ал эми  2017-жылдын 1-апрелинен баштап 10 пайыз өлчөмүндө  кошумча  акча каражаты кошулуп берилсин.

5.2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революцияда жаракат алган Нарын шаарынын тургундарына жылына бир жолудан белгиленген өлчөмдө материалдык жардам көрсөтүү жагы белгиленсин.

  1. Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлерине жана Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда 1 (бир) айлык өлчөмүндө материалдык жардамга акча каражаты кошулуп берилсин.
  2. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жана Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин штаттык бирдиктери жана эмгек акылары Нарын шаардык Кеңеши менен макулдашылып Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилсин.

  1. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсуна Нарын шаарындагы 1-4- класстын окуучуларын бекер жүрүүсүнө Нарын шаардык билим берүү жана Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсу менен түзүлгөн акт-сверканын негизинде экономикалык чыгымдарга каралган акча каражатынын эсебинен каржылансын жана каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына  тапшырылсын.
  2. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция» боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен мыйзамдарга ылайык бекитилсин.

10.Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен  жана жер сатуудан түшүүчү 4700,0  миң  сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаменттин директорунун  персоналдык милдети деп белгиленсин.

  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 78133,4 миң сом каражатты бюджетке түшүрүү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматынын начальнигинин персоналдык милдети деп белгиленсин.

12.Нарын шаардык мэриясына «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине»  ылайык шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша   1 пайызынан ашык эмес 900,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн.

13.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча салык кызматына , шаардык муниципиалдык менчик департаментине , Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына  жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы тапшырылсын.

14.Нарын шаарынын 2017-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2018-2019-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаарынын мэрине  жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

   Төрага                                                                                                              Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, КР финансы министрлигине, Нарын шаардык мэриясына, КР финансы минстрлигинин Нарын башкармалыгына, шаардык салык кызматына

 

Добавить комментарий