НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН № 14 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 14 ТОКТОМУ

­­21- май  2019-жыл                                                                                                                                                                             Нарын шаары

 

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө, маданий жана коомдук турмушуна салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, 21-март Нооруз майрамына карата, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы депутаттардын макулдугу менен төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Абдыкалыкова Дамира  Абдыкалыковнага,
  • Асипбаева Нүркүл Бейшенакуновнага,
  • Белеков Болотбек Акматалиевичке,
  • Жусупов Камчыбек Жусуповичке,
  • Кемелов Кадыр Кемеловичке,
  • Уметова Бегайым Уметовнага,
  • Акматова Бүбү Өмүргазиевнага.

  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Абдыкалыковага,Асипбаевага, Белековго, Жусуповго Кемеловго, Уметовага, Акматовага,  туруктуу комиссияга.

Добавить комментарий