НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXV СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН

3  ТОКТОМУ

 

17-сентябрь 2019-жыл                                                                                                                                                                          Нарын шаары

 

Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдик ачуу жөнүндө

       Нарын шаардык мэриясынын кошумча 2 штаттык бирдик ачып берүү боюнча кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына иштин зарылчылыгына байланыштуу келишимдин негизинде 2019-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларына кошумча 2 штаттык бирдик (адис) ачылып берилсин жана 2020-жылдын 1-январынан баштап штаттын бирдигине киргизилсин
  2. Штаттык бирдиктердин айлык маяналарын эсептеп, бекиттирүү Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына 2019-жылдын 1-октябрынан баштап, келишимдин негизинде ачылган 2 штаттык бирдиктин эмгек маяналарын эсептеп  берүү жагы тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, ММИге, финансы башкармалыгына.

 

Добавить комментарий