НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXV СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХV СЕССИЯСЫНЫН

№ ­­­ 4  ТОКТОМУ

­­17- сентябрь  2019-жыл                                                                                                                                                                        Нарын шаары

 

Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

         Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык жана  Нарын шаарынын экономикалык – социалдык өнүгүүсүнө, маданий жана коомдук турмушуна салым кошкон өзгөчө эмгектерин эске алып, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын  чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
  • Абдиев Дайырбек Орозмамбетовичке,
  • Актанова Шарапат Жусуповнага,
  • Байтемирова Акылай Исраиловнага,
  • Кадыркулов Охап Кадыркуловичке,
  • Кадырова Бүбүанийпага,
  • Карымшаков Мамытбек Эрмековичке,
  • Кырбашев Бергенша Жумакадыровичке,
  • Мамытканов Жыргалбек Шамшыбековичке.
  1. Жобого ылайык жогорудагы наам ыйгарылган жарандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, Абдиевге, Актановага, Байтемировага, Кадыркуловго, Кадыровага, Карымшаковго, Мамыткановго, Кырбашевге, туруктуу комиссияга.

Добавить комментарий