НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХIV  СЕССИЯСЫНЫН

1  ТОКТОМУ

6-ноябрь 2020-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2020-жылдын  9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн аткарылышы жана 2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча Нарын шаардык мэриясынын жана тармактык бөлүмдөрүнүн отчету жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык    2020-жылдын 9 айындагы Нарын шаарында аткарылган иштердин абалы жана  2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө Нарын  шаарынын  мэри Н.А.Молдокадыровдун жана бөлүмдөрүнүн маалыматтарын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 2020-жылдын тогуз айында шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшү багытында аткарган иштери жана күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү боюнча берген маалыматтары эске алынсын.
  2. Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2018-жылдагы XIX сессиясынын №1 токтому менен бекитилген “Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасын” ишке ашыруу жана шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүн көтөрүү чараларын көрүү мындан ары улантылсын.
  3. Нарын шаарынын мэриясына жана тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү иштерди аткаруу тапшырылсын:

          —  Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча жыл ичинде салыктар жана салык эмес  жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл буруу;

       —  базарларда, өз алдынча иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди тактоо, ижарага берилген жер аянттардын, таштандыга төлөөчү абоненттердин санын тактоо, ага төлөнүүчү төлөмдөрүн убагында өндүрүү;

       — муниципалдык жерлерди, объектилерди натыйжалуу пайдалануу менен жергиликтүү бюджетти толтурууга кошумча кирешелерди табуу;

     — КРнын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоо менен мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылууну көзөмөлгө алуу;

   — Нарын шаарындагы жайыт жерлерди тактоо, жайыттарды натыйжалуу пайдалануу,  жайыт пайдалануу боюнча талаш — тартыш маселелерин  өз убагында жеринде чечүү;

     — шаарга инвестицияларды тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды куруу;

     — шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шаардын кире бериштерине жана шаардын белгиленген жерлерине заманбап коомдук ажатканаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү;

    — Нарын шаарында жаңы салынып жаткан калкты тейлөөчү жайларды курууда инфраструктуралык шарттарды түзүү менен унаа токтотуучу жер аянттарды кошо жайгаштырууну  көзөмөлгө алуу;

     — Нарын шаарынын башталган башкы планын бүткөрүү, баш аламан соода түйүндөрүн, базарлардын айланасын ирээтке келтирүү жана борбордук базарда орун алган унаа тыгындарын жоюу, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү;

       — Көп-кабаттуу турак-үйлөрдүн айланасында жайгашкан башаламан курулуштарды ирээтке келтирүү;

    — шаардагы кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү;

     -муниципалдык менчиктеги объектилердин жана жер участокторунун, муниципалдык ишканаларга, чарбалык жүргүзүү укугу менен, ал эми мекемелерге оперативдүү башкаруу укугу менен   бекитилип   берилген   мүлктөргө, инженердик    инфратүзүм объектилерге, кыймылсыз мүлктөргө инвентаризация иштерин жана Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин жүргүзүүнү улантуу;

    — шаардагы таштанды төгүүчү жайынын тосмолорун ирээтке келтирүү, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, айрыкча базарларга, ашканаларга, дүкөндөргө көзөмөлдү күчөтүү;

      — Карга-Жайлоо таштанды төгүлүүчү жайдын айланасын ирээтке келтирүү, рекультивация жумуштарын жүргүзүү, санитардык –экологиялык абалынын сакталышына өзгөчө көңүл буруу;

      — Нарын шаарынын муктаждыгына байланыштуу жаңы көрүстөн ачууну уюштуруу үчүн Нарын районунан жер аянтын бөлдүрүп алуу боюнча аракеттерди көрүү;

      — шаардагы элге кызмат көрсөткөн коомдук жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн жана алардын патент алуусун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү;

   — кылмыштуулукту алдын алууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттерди көрүү;

    — коомдук тартипти, жол коопсуздугун алдын алууда, шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу;

         — пенсиялардын, жөлөкпулдардын туура чектелишине жана өз убагында төлөнүшүнө көзөмөлдүктү күчөтүү;

         —  жумушсуздардын санын кыскартуу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу, кошумча жумушчу орундарын түзүү;

      — окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чындоо, окуу китептери менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу;

      — шаардагы  балдар бакчасына тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала бакчаларды курууга инвестиция тартуу жана мурунку балдар бакчаларынын имараттарын муниципалдык менчикке кайтарып алуу маселесин чечүү;

      — Нарын шаарында орун алган ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү,  айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык ооруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу,  калктын саламаттыгын сактоодо, эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

         — шаар ичиндеги санитардык-экологиялык тазалыкты сактоо, имараттардын айланасын, көчөлөрдү, арыктарды, коомдук жайларды ирээтке келтирүү жана турмуш-тиричилик таштандыларын күн сайын өз убагында чыгарып турууга өзгөчө көзөмөл жүргүзүү.

  1. Коронавирустук пандемияны алдын алуу жана эпидемиологиялык кырдаалды Нарын шаарынын аймагында жөнгө салуу максатында Нарын шаарынын мэриясы жана менчигинин түрүнө карабастан тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери төмөндөгү иштерди аткарууну камсыз кылышсын:
  • борбордук базарды, соода-сатык жайларын, бардык мекеме, ишканаларды, коомдук тамактануучу жайларды, мечиттерди, коомдук унааларды (маршруткаларды, таксилерди, троллейбустарды) белгиленген мөөнөттөрдө дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү;
  • медициналык бет каптар менен тийиштүү  санда  камсыз  кылуу, медициналык беткаптарды тиктирүү боюнча иш алып баруу, эл  көп  топтолгон  жерлерде  бет каптарды тагынып жүрүү эрежелерин сактоо жана калкты тейлөөчү соода-сатык жайларында өздүк сактануучу гигиеналык каражаттарды (бет кап, кол кап, чепчик) колдонуу менен соода жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • коронавируска карата  атайын  даярдалган  медициналык  жайларда бардык  керектүү  шарттарын түзүү, тиешелүү инвентарлар жана жабдыктар менен камсыз кылуу жана көзөмөлдөө;
  • дарыканаларда жугушсуздандыруучу каражаттарга болгон бааны туруктуу кармоо, беткаптардын жана дары-дармектердин баасынын өсүп кетүүсүнө жол бербөө;
  • маданий — массалык иш-чараларды  өткөрүүгө,  коомдук  тамактануучу  жайлардын, ресторандардын, калк көп топтолуучу жайлардын иштөөсүнө чектөө киргизүү.
  1. Нарын суу канал, Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканалары, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси, Нарын электр тармактар ишканасы дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу менен өндүрүүгө аракеттерди көрүшсүн.
  2. Нарын шаарынын калкын көмүр, жылуулук, таза суу жана электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерин Нарын шаардык мэриясы, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалы, Нарын суу-канал ишканасы, Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан сапаттуу жана үзгүлтүксүз өз учурунда жүргүзүлсүн.
  3. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин, бала-бакчалардын жана шаардын ооруканаларынын, үй бүлөлүк дарыгерлер топторунун жылытуу, кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү, толук кандуу иштөөсүнө шарттарды түзүү, белгиленген нормада жылуулук берүүнү камсыз кылуу жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө, Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалына тапшырылсын.
  4. Нарын шаарынын борбордук көчөлөрүнө жана жалпы ички көчөлөрүнө себилүүчү инерттик материалдарды, туздарды толук камдоо жана кышка карата керектүү техникаларды даярдоо жагы «Таза-Нарын» ишканасына тапшырылсын.
  5. Нарын шаарынын орто мектептеринде мектеп окуучулардын билим сапатын жогорулатуу максатында Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда, мугалимдер арасында семинарларды, тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштуруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
  6. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн жана айрым пункттардын аткарылышы боюнча 2020-жылдын 15-декабрына чейин маалымат беришсин.
  7. Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына,  шаардык мэрияга, салык кызматына, финансы башкармалыгына, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар, жашылдандыруу ишканаларына, ҮДТга, социалдык өнүктүрүү башкармалыгына.

 

Добавить комментарий