НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXXV СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
22-декабрь 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер, маркум Чыныбай Турсунбековдун ысымын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдагы 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө Жобосуна, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаарынын көчөлөрүнө, парктарына (сквер), мекеме, ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобого ылайык «Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, ЖМК, наамдарды ыйгаруу боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы №5 Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин аты өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук ишмер, маркум Ч.Турсунбековдун ысымы берилип, №5 Чыныбай Турсунбеков атындагы орто мектеби деп аталсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдагы 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби жөнүндө Жобосуна ылайык мектептин атын өзгөртүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен макулдашуу иштерин жүргүзүү жана токтомду Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүү Нарын шаардык мэриясына, шаардык билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Мектептин атын, иш кагаздарын, мөөрүн жана башка өзгөртүүгө кеткен финансылык чыгымдарын көтөрүү, ошондой эле мектептин материалдык, техникалык базасын чыңдоодо ар тараптан колдоого алып, жардам көрсөтүү жагы Ч.Турсунбековдун үй бүлөсүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга, Нарын шаардык мэриясына жана шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
- Токтом 2021-жылдын январь айынан тартып күчүнө кирсин.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, №5 мектепке, Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө,КРнын Билим берүү жана илим министрлигине,юстиция башкармалыгына;