НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
2-март 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин» жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
- Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 12454,9 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйругу менен берилген 1300,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
- Нарын шаарынын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын планына Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин 10849,7 миң сом такталган планы бекитилсин.
- Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын экономика жана каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, КРнын экономика ж/а каржы министрлигине, КРнын экономика ж/а каржы министрлигинин Нарын башкармалыгына, туруктуу комиссияга.
НАРЫН ШААРЫНЫН 2020-ЖЫЛДЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТИНИН КИРЕШЕ ЖАНА ЧЫГАША БӨЛҮГҮНҮН АТКАРЫЛЫШЫ-ТИРКЕМЕ