НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН
№6 ТОКТОМУ
28-апрель 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын “ Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосун бекитүү жөнундө
Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиянын Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” жөнүндөгү Жобосун бекитип берүү жөнүндөгү сунушунун негизинде шаардык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
- Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Жобосу толугу менен “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыккандыгына байланыштуу Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXIV чакырылыштагы 5-июль 2005-жылдагы VIII сессиясынын №7/1, Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXVчакырылыштагы 7-апрель 2009-жылдагы V сессиясынын №3 токтому, 2011-жылдын 18-февралындагы XVI сессиясынын №13, Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы 10-июль 2013-жылдагы VII сессиясынын №5 токтому, 2014-жылдын 29-августундагы XVI сессиясынын №1 токтому, 2016-жылдын 19-январындагы XXVIII сессиясынын №4 токтому тиркемеси менен күчүн жоготту деп табылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, туруктуу комиссияга