НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXXVII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6 ТОКТОМУ

10-март 2021-жыл                                                                                                                                                                               Нарын шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

           Нарын шаарынын Жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине» ылайык, мекеме-ишканалардын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен мекемелерге төмөнкүдөй акча каражаты бөлүнүп берилсин:

а)  Нарын шаардык мэриясына үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен РТС аймагындагы тротуарга кошумча жасалган жумуштар үчүн 81,3 сом;

б) Нарын шаардык мэриясына КРнын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын шайлоосун уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыздоого, шайлоо күнү аймактык шайлоо комиссиясын жана техникалык колдоо топторун транспорт менен камсыздоого (күйүүчү май), ПМО МЧСтин имаратында жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясынын ижара акысына жана электр энергиясына жана башка шайлоого байланышкан маселелерди чечүүгө 25,0 миң сом;

 в) Нарын шаардык турак-жай башкармалыгынын начальниги    С.Орозобековдун 2021-жылдын 1-январына карата  эмгек акысынын аласасы үчүн 164765 сом;

 г) Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда иштеп жаткан жаш дарыгер фтизиатр И.Ишекеевага жана Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын трамватология бөлүмүнүн дарыгери Э.Алиевге жашап жаткан батирлеринин акысына айына 3,0 миң сомдон, бир жылга 72,0 миң сом.

  1. Бөлүнгөн акча каражаты боюнча финансылык иш алып баруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнүтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына.

Добавить комментарий