НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХVII СЕССИЯСЫНЫН
№ 7 ТОКТОМУ
10-март 2021-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясынын алдында жайыт комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер” Кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык, Нарын шаардык мэриясынын кайрылуусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык мэриясынын алдында жайыт комитети түзүлсүн, Уставын жана тиешелүү иш кагаздарын иштеп чыгуу Нарын шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Жайыттардын чектерин аныктоо, аны пайдалануунун планын иштеп чыгуу Нарын шаардык мэриясына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Нарын филиалына, жайыт комитетине жүктөлсүн.
- Нарын шаарынын аймагындагы жайыттарды пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм катары Нарын шаарында “Жайыт пайдалануучулар бирикмесин” түзүү Нарын шаардык мэриясына жана жайыт комитетине тапшырылсын.
- Токтом Нарын шаардык мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, мэрияга, юстиция башкармалыгына, “Кадастр” мамлекеттик мекемесине.