НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН  IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ               Х СЕССИЯСЫНЫН

№ 3  ТОКТОМУ

  24 — май 2017-жыл                                                                                                               Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин  24-август 2015-жылдагы XXVI  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин  24-август 2015-жылдагы XXVI  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №1 токтому  менен Нарын шаарынын “Московский” аймагынан 6400 чарчы метр жер аянты 40 квартиралуу көп кабаттуу 4 социалдык турак жай курууга жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилген. Жогорудагы жер аянтын Нарын аймактык жерге жайгаштыруу башкармалыгы тактап  мамлекеттик акты берүүдө 5950 чарчы метр деп белгиленген.

Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ипотекалык компаниясынын токтомдо көрсөтүлгөн жер аянты менен мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн жер аянты дал келүүсүн талап кылып жаткандыгын билдирүү менен  токтомго өзгөртүү киргизип 6400 чарчы метр  жер аянтын 5950 чарчы метр деп өзгөртүп берүү сунушу менен кайрылган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ   

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №1 токтомунун 1 пунктундагы  “ 6400 чарчы метр ”  деген сөздөр толугу менен алынып салынып  “5950 чарчы метр” деген сөздөр менен  толукталсын.

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 24-август 2015-жылдагы XXVI  чакырылыштагы XXIV сессиясынын №1 токтомундагы 6400 чарчы метр жер аянты  такталгандан кийин  5950 чарчы метр деп өзгөртүүдө, же 450 чарчы метрди кыскартуу эмне себептен келип чыккандыгын аныктоо жана шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына депутаттарга түшүндүрмө берүү   Нарын шаардык мэриясынын 1- вице- мэри Н.Молдокадыровго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                            Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга

 

Добавить комментарий