НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН №6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН   IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ                        XI  СЕССИЯСЫНЫН

№6  ТОКТОМУ

11-июль  2017-жыл                                                                                      Нарын шаары

Нарын шаарындагы троллейбус  ДЭПОсунун троллейбусун
балансадан чыгарууга макулдук берүү жөнүндө

            Нарын шаардык мэриясынын 04.07.2017-жылдагы №03/1251 жана Нарын троллейбус ДЭПОсунун 29.06.2017-жылдагы №06/06 каттары менен Нарын шаардык Кеңешине мекеменин балансасында турган 1984-жылы өндүрүштөн чыккан  ЗИУ-9  инвентарь №008 үлгүсүндөгү троллейбус  көп жылдан бери пайдаланууда жүрүп,  учурда өндүрүшкө пайдаланууга мүмкүн болбой, ремонт жасоого көп акча каражатын талап кылгандыктан,  сессияда карап  чыгыштоого  макулдук берүүнү суранган. Аталган троллейбусту чыгыштоо маселеси “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын протоколунун негизинде  сессиянын кароосуна сунушталган. Жогорудагыларды белгилеп Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын троллейбус ДЭПОсунун балансасында турган 1984-жылы өндүрүштөн  чыккан ЗИУ-9  инвентарь №008 троллейбусу Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын троллейбус ДЭПОсунун сунуш каттарынын жана туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде  мекеменин балансасынан чыгыштоого макулдук берилсин.

 

  1. 1984-жылы өндүрүштөн  чыккан  ЗИУ-9 инвентарь  №008 троллейбусунун жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдаланылсын,  ал эми жараксыз тетиктери кара металл катары сатылып,  акча каражатын  мекеменин кассасына кириштөө Нарын троллейбус ДЭПОсунун жетекчилигине жүктөлсүн.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                  Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,троллейбус ДЭПОсуна,

Добавить комментарий