НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХI СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН IV

ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    ХI СЕССИЯСЫНЫН

№ 2  ТОКТОМУ

11-июль  2017-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча Нарын шаардык мэриясында жана шаардык мекемелерде аткарылып жаткан иштери, шаар ичиндеги көрнөк -жарнактардын жазылуу тартиби жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин  2017-жылга карата иш планына ылайык  Кыргыз Республикасынын  «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы боюнча Нарын  шаардык мэриясында жана шаардык мекемелерде аткарылып жаткан иштери, шаар ичиндеги көрнөк — жарнактардын  жазылуу тартиби жөнүндө маселе боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясы,  аппарат кызматкерлери менен бирдикте шаар ичиндеги  соода түйүндөрүнүн жана кеңселердеги, мекеме, ишканалардагы көрнөк жарнактардын, жарнамалардын жазылуу тартиби, иш кагаздардарын жүргүзүү туурасында  жеринде барып таанышып келгенбиз.. Нарын шаарындагы көпчүлүк соода түйүндөрүнүн сырткы көрүнүштөрү талапка ылайык келбей шаардын көркүн кетирип, айрылган жарнамаларды илип алып, дүкөндүн аталыштары орус тилинде жазылып, жарнамалар  уюлдук компаниялар тарабынан даярдалып берилгендиктен, өздөрүн гана жарнамалап, ал эми дүкөндөрдүн жана соода түйүндөрүнүн аталыштары адегенде расмий тилде көрсөтүлүп жазылып тургандыгына комиссия күбө болдук.

Ал эми уюлдук компаниялар тарабынан соода түйүндөрүнүн сыртына илинген жарнама түрүндөгү жасалгалардын өңдөрү өчүп, айрылып калгандыктан, шаардын көркүн бузууда.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамынын  27-беренесинде «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка көрүнөө малыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин-расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат.Башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш»— деп баса көрсөтүлүп турат.

Тиешелүү комиссия жогорудагы маселе боюнча соода түйүндөрүнө кирип Мыйзамдын негизинде сатуучуларга жана кожоюндарына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүбүздө айрымдары туура кабыл алып, бир жуманын ичинде тууралап жаздырып коюшаарын билдирсе , айрымдары туура түшүнө алышкан жок.

Нарын шаарынын жарандарынын 99пайызын кыргыз улутундагы адамдар  түзөөрүн жакшы билишсе дагы,соода түйүндөрүндөгү, кеңселердеги эмгектенген жарандар  болбой эле жарнамаларды расмий тилде жазып, илип коюшкандыктары түшүнүксүз. Нарын шаарынын 100 пайыз калкы кыргыз тилдүү болгондуктан, алгач кыргыз тилинде жазса деле болоорун билишсе да, эмнегедир орус тилинде жазса кооз жана жеткиликтүү болчудай сезишээрин айтышты. Буга көпчүлүк уюлдук компаниялардын түздөн түз тиешеси бар экендигин билдик. Өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн уюлдук компаниялар,  дүкөндөрдүн аталыштарын жазып, илдирип берүү менен бирге өздөрүн жарнамалап расмий тилдеги жарнама ирээтиндеги сөздөргө басым коюу менен бирге кызыл-тазыл түстөгү көрнөк-жарнактар дүкөндүн сырткы көрүнүшүнө көрк кошпой эле тажатма көрүнүшкө айланып, элди ирээнжитип турат. Ал эми сапаты жагынан дагы начар болгондуктан, бат эле өңдөрү өчүп, айрылып калганына карабай кароосуз калып, дүкөн ээлеринин да иши жоктой, эптеп соодабыз эле жүрсө болду дегендей мамиле кылып келишет. Нарын шаардык мэриясы, муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын көркүн бузуп, айрылып, шамаал менен кошо бийлеп турган көрнөк -жарнактарга маани берилбей, шаардын көркүн бузуп атса да көңүл кош мамиле кылынып жаткандыгы белгилүү болду. Булар менен кошо шаарыбыздагы саны көп дарыканаларда дагы  «АПТЕКА» деп бадырайта жазылып, дарыкананын ирээттик саны (номери) коюлбай турат. Ал эми май куюучу жайларда, мейманканаларда дагы ушундай эле көрүнүштөр кайталанып турат. Мамлекеттик тилде жазылган эч бир сөз, тескерисинче расмий тилде же англис ариби менен терилген аталыштагы жарнактар илинген.Жада калса, бут кийим оңдоочу жайларда жана шаар элинин үй сатуу же жана башка жарнамалары да расмий (орус)тилинде жазылып турганына күбө болдук. Союздун көрөңгөсү  дагы эле калкыбыздын канынан кете албагандай сыяктуу.

Нарын шаардык мекеме ишканаларга кирип иш кагаздары менен таанышкан учурда  Нарын регионалдык шааркурулушу  жана  архитектура боюнча башкармалыгынын иш кагаздары, каттар расмий тилде жүргүзүлүп, иш бөлмөлөрдөгү жана жарандарды кабыл алуучу кабылдамадагы көрнөктөр дагы кыргыз тилине которулбастан, рамсий тилде жазылып, илинип турган.

Жогорудагылардын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы  туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
  2. Шаар ичиндеги шаардын көркүн бузган көрнөк жарнактарды ирээтеп, тартипке келтирүү боюнча иш алып баруу жана уюлдук компанияларга тиешелүү туура эмес жарнактарды соода түйүндөрүнөн алдыруу, ошондой эле Нарын шаарында жайгашкан баардык соода түйүндөрүнүн, кеңселердин, мекеме ишканалардын, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү жана тейлөөчү ишканалардын сыртындагы, жанындагы көрнөк жарнактардын баардыгы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил жөнүндө Мыйзамынын  27-беренесине ылайык жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн жана  аткарылган  иштер  боюнча  Нарын  шаардык Кеңешине 2017-жылдын

1-сентябрына чейин маалымат берилсин.

  1. Нарын регионалдык шааркурулушу жана  архитектура боюнча башкармалыгынын иш кагаздарын, каттарын мамлекеттик тилде  жүргүзүү жагын көзөмөлгө алуу башкармалыктын башчысынан суралсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шааркуруу башкармалыгына, уюлдук компанияларга;

Добавить комментарий