НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  ХIII СЕССИЯСЫНЫН 

№ 1 ТОКТОМУ

                                                                                                                                                

 26-январь 2018-жыл                                                                                                                               Нарын шаары

Түркия мамлекетинин  шаарлары менен  Нарын шаарынын ортосунда боордоштук  жана кызматташтык  мамиле түзүү жөнүндө

                 Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов 2018-жылдын 11-15-январында Түркия мамлекетинин Кастомону облусунун чакыруусундагы иш сапарында Түркиянын облустук шаардык башкаруу органдары жана жогорку окуу жайы, ишкерлер  менен жолугуушуларды өткөрүп, экономикалык-социалдык багытта кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Кастомону облусунун губернатору Яшар Карадениз  менен болгон жолугушуусуна эки облус боордош облус болуусу боюнча негизги элементтер талкууланып, облустардын экономикасы- социалдык, маданий тармактарда иш алып баруу маселелери талкууланган. Ошондой эле, Кастомону шаарынын мэри Тахсин Бабаштын кабыл алуусунда Нарын шаары менен Кастомону шаарынын ортосунда достук жана кызматташуу боюнча иш алып баруу маселелери жана Анкара шаарынын Этимесгут районунун  мэри Энвер Демирел менен болгон жолугушууда Нарын шаары менен Этимесгут району менен кызматташуу маселелери  талкууланган.

             Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бир нече макулдашууга жетишилип, Нарын облусунун дарыгерлерин акысыз Кастомону облусундагы  медициналык клиникадан тажрыйба алмашуу, Нарын мамлекеттик университетинин базасында тил жана адабият борборун, заманбап илимий лаборотория  ачуу маселелери  макулдашылган.

            Жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом  кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаары менен Түркия мамлекетинин Кастомону облусунун Кастомону шаары жана Нарын шаары менен Анкара шаарынын Этимесгут  районунун ортолорунда өз ара боордоштук  жана  кызматташуу меморандумун түзүүгө макулдук берилсин.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, КРнын   Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, облустук  юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий