НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

IV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XIII СЕССИЯСЫНЫН 

№2 ТОКТОМУ

26-январь 2018-жыл                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын   шаарында  белгиленген    багытта  транспорт каттамдарынын жүрүшү,  алардын  элге  кызмат  көрсөтүүдөгү   жүргүзүп   жаткан  иштери   жана  транспорт салыгынын, патенттин  төлөнүшү жөнүндө

          Нарын шаардык Кеңешинин иш планына ылайык үстүбүздөгү жылдын 11-12-январында «Бюджет    финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» жана «Муниципалдыкменчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиялары маселени даярдоо мак сатында жеринен шаардын салык жана шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен бирдикте иш жүргүзүшкөн.

          Нарын шаардык мамлекеттик салык башкармалыгы тарабынан 2017-жылы такталган планга карата транспорт салыгы 5651,5 миң сомго же 113 пайызга аткарылып, 651,5 миң сом ашык түшкөн. Ал эми Нарын шаарында жүргүнчү ташып кызмат  көрсөткөн БУСтарга, жеңил автоунааларга 2016-жылы 118 ыктыярдуу патент берилип, 208,8 миң сом, ал эми 2017-жылы 175 патент берилип, 270,0 миң сом же 2016-жылга салыштырмалуу 87 патент көп берилип, 61,2 миң сомго көбөйгөн.

            Бүгүнкү күндө элге кызмат көрсөтүүдө Нарын-Каракол-Нарын («Ислам-Транс» ЖЧК-жетекчиси Сагиев Ислам), Нарын-Бишкек-Нарын («Нарын-Теңир-Транс» ЖЧК- жетекчиси  Ниязалиев Зарылбек) 2 багыт боюнча микроавтобустар жана Нарын-Балыкчы-Нарын, Нарын-Бишкек-Нарын жана Нарын-Ат-Башы-Нарын багыттары боюнча 3 жеңил таксилер тейлешет. Ал эми Нарын шаарынын ичин 2 багытта микроавтобустар (ОсОО Нарын жол-транс-жетекчиси Т.Исаков), 4 багытта жеңил таксилер тейлешет.

       Тактап айтканда  микроавтобустар 2 багытта Таш-Кыя-УЦА, Сейил-Булак-НГУ, багытын, жеңил таксилер  болсо 4 багытта Московский-Базар, Базар-Интернат, РТС-Базар багытын,  ал эми «Аргымак» жеңил таксиси болсо  Нарын шаарынын ичин ар кандай  багытта тейлешет.  Жеңил таксилердин саны бүгүнкү күндө   орто эсеп менен алганда 180ден ашуун.

          Нарын шаарынын ичинде жүргүнчүлөрдү ташып, кызмат көрсөтүп жаткан жеңил таксилерге рейд жүргүзгөндө патенти жок 7 айдоочу аныкталып, протокол түзүлүп, административдик айыптар салынды. Рейддин жүрүшүндө ар кандай жол одоно бузган айдоочуларга 38 протокол түзүлүп штрафтар салынган. Шаардагы микроавтобустардын ишке чыгуу убактысын текшергенде эртең мененки  чыгуу убактысы сакталганы менен кечкисин саат 1800 чейин гана иштегендиги аныкталды. Кечкисин эрте токтогондугунун себебин микроавтобустардын айдоочулары элдин кечки убакта түшпөгөндүгү менен түшүндүрүшүүдө.

             Мындан сырткары «Нарын-Бишкек-Нарын» каттамына каттаган 15 микроавтобустар патентти Нарын райондук  салык кызматынан алышкандыгы белгилүү болду. Мындан сырткары шаардагы элге  кызмат кылып иштеп жаткан  жеңил таксилер патент алууга  салык кызматкерлери тарабынан  бир сааттан ашык убакыт күтүп калуу фактылары болууда. Айрым бир себептерден улам таксилер патентти толук алышпайт.  Эмгек стажысын толтурууда  райондук  социалдык  фондко  төлөнүүчү каражат кымбат болгондуктан  баардык  кызмат кылган жеке ишкерлер (таксилер)  акы төлөшпөйт.

             Шаардагы микроавтобустардын каттоосу  боюнча тендер  2017-жылы январь айында өткөрүлүп 1 (бир) эле фирма катышкан. Бүгүнкү күндө шаардын каттамында 2 багытта  жалпысынан 58 микроавтобус иштешет. Бардыгына ыктыярдуу патент берилген. Иш күндөрү 24 автоунаа иштейт. Жол киреси чоң адамдарга 8 сом, студенттерге 6 сом, мектеп окуучуларына 5 сом белгиленген. Микроавтобустардын  айдоочулары эртең мененки  саат 7ден, саат 10 го чейин  медициналык жана техникалык жактан кароодон өтүшөт. Медициналык кароосуна 15 сом, техникалык кароого  20 сом төлөшөт.

           Шаар ичинде булардан тышкары так көзөмөлдүлүктүн жоктугунан айылдан келген  жеңил автоунаалар шаардын элин ташып кызмат кылышууда. Алар патент албастан  иш жүргүзүүдө. Алдын ала эсептөө боюнча Нарын шаарындагы элге кызмат кылып  иштеп жаткан бардык  микроавтобустар,  жеңил таксилерге ыктыярдуу патентти толук алышса жергиликтүү бюджеттке кошумча 100,0 миң сомдун тегерегинде акча каражаты түшүшү керек.

         Күн тартибиндеги маселе боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматы эске алынсын.
  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, Нарын шаардык ички иштер  бөлүмү  менен бирдикте Нарын шаарында  элге кызмат кылып иштеп жаткан  менчиктин түрүнө карабастан бардык транспорт каражаттарынын санын тактоо жана ыктыярдуу патенттердин толук алынышын камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
  1. Нарын шаарындагы элге кызмат кылып иштеп жаткан микроавтобустардын өз убагында ишке чыгып  иштөөсүнө жана техникалык абалына  көзөмөл жүргүзүү  жагы Нарын шаардык мэриясына КРнын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик  агентствосунун Нарын аймактык башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Шаар ичинде элге кызмат кылып иштеп жаткан бардык автоунааларга ыктыярдуу патент алдыруусун камсыз кылуу жана шаар ичинде айылдан келип  эл тартып иштеп жаткан жеңил таксилерди  тартипке келтирүү, рейддерди жүргүзүү Нарын шаардык мэриясына, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаардык башкармалыгына, Нарын шаардык ички иштер  бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  1. Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы элге кызмат кылып  иштеп  жаткан  баардык  таксилерге шарт түзүп берүү менен  өз учурунда  патент  берүүнү камсыз кылсын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын  ишке ашыруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын  жана аткарылган  иштер боюнча  тиешелүү тармактар  менен бирдикте 2018-жылдын апрель айында  маалымат берсин
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы   «Бюджет финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                                                                               Ж.Ботоканов

                                                                      

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга, шаардык мэрияга, мамлекеттик салык   кызматына, шаардык ИИБнө, КРнын транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль жана сууда жүрүүчү транспортунун мамлекеттик агентствосунун Нарын аймактык башкармалыгына, облустук юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий