НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIV СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

7-март 2018-жыл                                                                                                                                        Нарын шаары

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун 2017-жылдагы аткарган иштери тууралуу  отчету жөнүндө

Нарын шаарында экономика, өнөр-жай тармагы боюнча 2018-жылдын 1-январына карата 851 млн 52,6 миң сомго өнөр-жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 110,3% түзүп, өткөн жылга салыштармалуу 2017-жылы 88 млн 166,7 миң сомго ашыкча продукциясы өндүрүлгөн. (2016-жылы 762 млн 885,9 миң сом).

Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд 502 млн 6 миң сомду түзуп, 109,2% аткарылды, өткөн жылга салыштырмалуу 312 млн сомго же 104,4% өсүш берген. Жүк ташуучу транспорттун баардык түрү менен жук ташуу өткөн жылга караганда 104,3% аткарылып, 315,4 мин тоннаны туздү.Ал эми, жүргунчүлөрдү ташуунун өсүш темпи 105,8% көрсөтүп, 2017-жылда 4 млн. жүргүнчү ташылган.

Орто чакан бизнести колдоо,  жеке ишкерлер жана эл аралык демөөрчүлөр менен  тыгыз кызматташуунун натыйжасында 100гө чукул жумушчу орундар түзүлгөн.

Финансы тармагы боюнча Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2017-жылга карата такталган планы 104205,9 миң сомду түзүп,  аткарылышы  105194,5 миң сом же болбосо 100,9% түздү, тактап айтканда, 989,2 миң сомго план ашыкча аткарылган.

Мунун ичинен, салык кирешелердин планы 85183,4 мин сомду түзсө, 85567,7 мин сомго аткарылган. План 100,5% аткарылып, 384,4 мин сом бюджетке ашыкча чегерилген. Ал эми, салыктык эмес кирешелердин планы 18862,5 мин сомго бекитилсе, аткарылышы 19626,9 мин же 103,2% түзгөн.

Ошондой эле, 2017-жылдын январь-декабрь айларында республикалык бюджеттен кошумча 35515,0 мин сом чегерилген. Бул акча каражат калктын электр энергиясынын жеңилдиктери үчүн- 7800,0 мин сом, кошумча айлык акыга-2231,7 мин сом, мектеп, бала бакчалардын жылуулук энергиясын каржылоого- 25400,0 мин сом бөлүнүп берилген.

2016-жылдын 12 айына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына салыштырмалуу 2017-жылы бюджеттин киреше бөлүгүнүн өсүү темпи 95% гана түзүп, аткарылышы 5484,4 мин сомго кыскарган. Мунун негизги себеби, Борбордук Азия Университетинде курулуш иштерин жүргүзгөн «Биор плюс» ЖЧК, «Соко инжинеринг» ЖЧК, «Интегра Инжинеринг» ЖЧК Нарын шаарында ишкердүүлүктөрүн толук токтоткондугуна байланыштуу, бул субьекттерден сатуудан алынуучу салыктан, киреше салыгынын жана ыктыярдуу патенттен 2017-жылы бюджетке чегерүү жүргүзүлгөн эмес.

Бирок ошол эле учурда, МСКнын Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан жыл ичинде салык өндүрүү иштери жүргүзүлүп, бюджетке 2 млн 459,1 мин сом салык карызы өндүрүлгөн. 2017-жылдын 1-январына карата салык карызынын суммасы 3 млн 840,5 мин сом болсо, бул сумма 64% га азайып, 2018-жылдын 1-январына карата мекеме-ишканалардын, жеке ишкерлердин карызы 1 млн 381,4 мин сомду түзгөн.

Нарын шаарынын 2014-2017-жылдарга туруктуу өнүгүүсүнүн «Жол Картасына» 158  долбоор кирип, анын жалпы наркы 7 млрд 536 млн 800 миң  сомду түзгөн.

«Жол Картасына»  кирген  долбоорлорду  иш жүзүнө ашыруу боюнча алгылыктуу  иштер жүргүзүлүп,жалпы каралган  долбоорлордун 72 пайызы же 114 аткарылып, 6 млрд 278 млн  441миң сом инвестиция тартылган.

Ал эми 2017-жыл ичинде  мамлекеттик жана чет элдик  442млн 938,0 миң  сом   инвестиция тартылган. 2018-жылы 600 млн сомдук  инвестиция тартуу планга коюлган.

Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалык багытында Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан шаарды көрктөндүрүү, тазалоо боюнча бир катар иштер аткарылган.

2017-жыл ичинде  36 000  метр куб  турмуш тиричилик таштандылары чыгарылган. Жергиликтүү бюджеттин  эсебинен 274 160 сомго 46 таштанды салуучу урналар  алынып,ишкананын автопаркын жаңыртуу максатында 2017-жылдын август айында   мекемеге таштанды чыгаруу  үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 492 000 сомго камаз автоунаасы сатылып алынган жана Кыргыз Республикасынын экс-Президенти А.Атамбаев тарабынан 2 таштанды чыгаруучу автоунаа жардам ирээтинде берилген.

ПРООН эл аралык уюмунун “Азык түлүк” программасынын алкагында шаардын ичиндеги сугат сууларын пайдалануучу жана агын суулар агып кетүүчү 28 км арык системалары тазаланып, калыбына келтирилген. Ошону менен бирге арыктардын тамандарына таштар төшөлгөн. Бул долбоорго 200 аз камсыз болгон үй бүлөө мүчөлөрү тартылып, аталган программа тарабынан акча каражаты төлөнүп берилген.

Шаардагы сейил бактарга 20390 даана 4 түрдүү гүл көчөттөрүн отургузуу жана гүлдөрдүн дарыларына, газон чөбүнүн уруктарын алууга 234,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп сатылып алынган. Жалпы көрктөндүрүү ишине 337 480 жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, жергиликтүү бюджеттен  1 млн сом акча каражаты каралып,  шаардагы “Жаштар паркы”  реконструкциядан өткөн.

Жолдор боюнча: шаарыбыздагы ички жолдорду оңдоо жана балласт төгүү иштерин колго алуу максатында жергиликтүү бюджеттен 300 000 сом бөлүнүп, 18 ички көчөгө жалпысы 2000м3 балласт төгүлүп, түздөлгөн.

Шаардын РТС аймагындагы 20 көчөнүн аттары жазылган маалымат такталары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 66 880 сомго жасатылып, орнотулган. Жол кырсыктарын алдын алуу максатында жана шаар ичиндеги автоунаалардын көбөйүшүнө байланыштуу, жол кыймылын жөнгө салуу максатында мерчемдүү жерлерге 81 даана ар кандай жол белгилери коюлуп, жергиликтүү бюджеттен 231 701 сом сарпталган. Ошондой эле, шаар ичиндеги жөө адамдар өтүүчү өткөөлдөр жергиликтүү бюджеттен 207 000 сомго жаңыртылып, сырдалган.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен  780 000  сомго   2017-жылдын июль айында  2 заманбап светофор борбордук көчөлөрдүн кесилишине коюлган.

Түнкү жарык менен толуктоо, жаңыртуу үчүн  жергиликтүү бюджеттен 442 950 сомго   диоддуу  143 даана жаңы фонарь  алмашылган.

Муниципалдык менчик боюнча: Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун демилгеси менен шаардык мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жоюлуп, Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 24-майындагы Х сессиясынын №1 токтомунун негизинде шаардык мэриянын 2017-жылдын 29-майында №186-б буйругу менен “Таза-Нарын” ишканасына караштуу аймак башчылар жана кварталдык комитеттер бириктирилип, жаңы түзүлгөн Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилди. Учурда ишканада 28 кызматкер эмгектенет.

Жерлерди ижарага берүүдө бир жылдык план 4 500 000 сомду түзүп,  жылдык план 96% аткарылган. 2017-жылдын 5 айында 66 пайызга  аткарылган. же болбосо 1 млн 248 мин сомго планга чыкпай   калган (1 875 000) сом.  7 ай ичинде план 3 млн 074 мин сомду түзүп, 117% аткарылып, 4 млн 322 мин сом чогулган. Жалпы жылдык план 99%га аткарылган. Жер салыгына 1 жылдык план 98 000 сом түзсө, 97 300 сом чогулуп, 99% аткарылган.

Нарын райондор аралык жылуулук берүү өндүрүштүк бирикмесинде  2018-жылдын 1-январына карата бардыгы 30 откана бар, мунун ичинен 25 откана электр энергиясы, 5 откана көмүр менен иштейт.2017-2018-жылуулук мезгилине жаңы 6 откана кошулган.

2018-жылдын 1-январына карата ишкананын дебитордук карызы бардыгы —   24 млн. 178миң сомду түзгөн.

Энергетика  тармагы. Нарын  шаары боюнча бүгүнкү  күндө 315 ТП  бар, анын  ичинен  186 ТП  Нарын электр  тармактар  ишканасынын  балансасында, ал эми калган 129 ТП  кардарлардын балансасында.

План график боюнча Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан  50 ТПны  ремонттоо каралып, бүгүнкү күндө 52 ТП ремонттон өткөрүлүп, план 104,2 %ке  аткарылган. Нарын ЭТРи боюнча 01.01.2018-жылга карата дебитордук карызы  101 659,2 миң  сомду түзөт.

Нарын суу-канал ишканасы: Нарын суу-канал ишканасы шаардын калкын жана мекеме-ишканаларын таза суу менен камсыз кылат жана ыплас сууларын кабыл алып тазалайт. 01.01.2018-жылга карата шаардын калкы менен мекеме-ишканаларына 1427,3 мин.м3 таза суу берилип, 937,4 мин.м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрүлгөн. Нарын шаарындагы  суу берүүчү түтүктөрдүн жалпы узундугу 108,79 км түзөт.

Нарын шаарында 117 даана ичүүчү суу алуучу колонка тейлөөнүүдө. Нарын шаарынын калкынын болгону 26% канализация курулмаларынын кызматы менен пайдаланышат.

01.01.2018-жылга шаардагы эл боюнча абоненттердин саны 8714 тутун,   26 886    киши. Киши саны 2017-жылы 2016-жылга салыштырмалуу боюнча абоненттердин саны 42 тутун, 206 кишиге көбөйгөн.

Мекеменин дебитордук карызы 01.01.2017-жылга 4993,0 мин сом болсо, 01.01.2018-жылга 5506,6 мин сомду тузүп, 513,6 миң сомго көбөйгөн.

2017-жылга Нарын суу канал ишканасына мектептерге жана балдар бакчаларга ичүүчү суу жана канализация кызматы үчүн жергиликтүү бюджеттен 2 751 000 миң сом бөлүнүп берилген.

Троллейбус ДЭПОсу боюнча: Нарын шаарынын калкын транспорт менен тейлөөдө 266120 сомго кызмат көрсөтүлүп 113060 жүргүнчү ташылды, өткөн жылга салыштырмалуу кызмат көрсөтүү 11 пайызга өскөн. Мекеменин автопаркын жаңыртуу максатта Кыргыз Республикасынын экс-президенти А.Атамбаев тарабынан 2 троллейбус  жардам ирээтинде берилген.

Жергиликтүү бюджеттен 1-4-класстардын окуучуларын бекер тарткандыгы үчүн 503100 сом акча каражат бөлүнгөн.

Мекеменин кредитордук  карызы 01.01.2017-жылга 1282743 миң сом, мунун ичинен социалдык фондуга 12000 сом, жалпы электр энергияга 1258743 млн сом. Негизгиси 504776 сом, тууму 753972 сом,

 Жалпы кылмыштуулук боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө 2017-жылы баардыгы 127 кылмыш иши козголуп,  2016-жылга салыштырмалуу 20га аз болгон (2016-ж.-147), алардын ичинен 111 (2016-ж.-124)  кылмыштын бети ачылып 93,3%ды (2016-ж.-92,5%) түзгөн.

Катталган кылмыштардын ичинен 60 кылмыш уурулукка байланыштуу болсо, алардын ичинен 59 кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп, 56 кылмыштын бети ачылып, 94,9%ды түзүп, уурулук кылмыштарынын бетинин ачылышы өткөн жылдагыдан 7,4%га жогору болгон, ал эми үй уурулук фактылары боюнча 22 кылмыш иши тергелип, 21 кылмыштын бети ачылып 95,5%ды түзгөн.

2017-жылы Нарын шаарынын аймагында 27 жол кырсыгы катталып, 2016-жылга салыштырмалуу 1 жол кырсыгына, каза болгондордун саны 2ге көп, ал эми жаракат алгандардын саны 4кө аз катталды, ал эми балдарга байланышкан 7 жол кырсыгы катталып 2016-жылдагыдан 5ке, жол кырсыктарынан 1 бала каза болуп, 6 бала денесинен жаракат алышкан.

Саламаттыкты сактоо боюнча Нарын шаарынын калкына алгачкы медициналык-санитардык жардамды  көрсөтүүдө 1 үй-бүлөлүк медициналык борбору,  5 үй-бүлөлүк медицина топтору жана тез жардам бөлүмү иш алып барышат. Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 36 дарыгер, 100 орто медициналык кызматкерлер  эмгектенишет. Дарыгерлер менен камсыз болуу 64% түзсө, орто медициналык кызматкерлер менен камтылышы 100% түзөт. Бүгүнкү күнгө 16 дарыгер жетишпейт (6 үй бүлөлүк дарыгер, онколог, нарколог, логопед, уролог,  эндоскопист,  физиотерапевт, педиатр жана тез жардам бөлүмүнүн адистери).  Иштеп жаткан дарыгерлердин 55-60 жаштан өткөндөрү 60% түзсө, 35 жашка чейинки дарыгерлер 6% гана түзөт.  Акыркы 5 жылда 2013-2014-2015-2016-2017-жылдарга12 врач  депозит аркылуу дарыгерлер тартылса, алардын 7си иш алып барышууда. Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 7, 5и Нарын шаардык үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда эмгектенишүүдө.Аларга жергиликтүү бюджеттен  699 000 миң сом батир акыларына төлөнүп берилген. Андан сырткары, Кыргыз-Швейцариялык проектиси аркылуу 2 дарыгер жана “Жаш дарыгерлер депозити” программасы менен 3 дарыгер 2016-жылдан тартып эмгектенишүүдө. Тез жардам бөлүмүнө 2017-жылы 7655 чакырык болуп, өткөн жылга караганда 631  чакырыкка көп болгон (2016-жылы — 7024). Балдар кызматы боюнча: Нарын шаары боюнча 2017-жылы 1040 бала төрөлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 49 балага аз төрөлгөн (2016-жылы — 1089). Анын ичинен өлүү төрөлгөнү 2017-жылы 11 учур болуп, өткөн жылга салыштырмалуу (2016-жыл- 14) 3 учурга азайган.1 жашка чейин өлгөн балдардын өлүм көрсөткүчү 2016-жылы 12 айда 27 болсо, 2017-жылы 12 айга 17 болуп -10 учурга  азайган, өлүм көрсөткүчтөрү 25,1-16,5 түздү.1 жашка чейин ооруканада өлгөн балдар 2016-жылы 12 айда 12 бала катталган, ал эми  2017-жылдын 12 айында 4 бала катталып 8 учурга азайган.Нарын шаары боюнча 2016-жылдын 12 айында жугуштуу оорулар 514 учур катталса, 2017-жылы 463 учур болуп, салыштырмалуу  1,1 эсеге же 51ге азайган (сасык тумоо жана курч кармаган респиратордук оорулардан сырткары). ВИЧ\СПИД боюнча:  Нарын шаары боюнча 2017-жылы 22 учур 2016-жылы 15 учур, салыштырмалуу 7 учурга көбөйгөн.

Нарын райондук ооруларды алдын алуу  жана мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору: Көзөмөлдө шаар боюнча 308 обьект туруп, 558 текшерүү актылары түзүлүп, 153 санитардык сунуштар берилип, 2 обьект убактылуу жабылып, 16 жумушчу убактылуу четтетилген (супер хошан, Темирлан ашканасы). 49 айып 65600 сомго салынып өндүрүлгөн. Бюджеттик мекеме-ишканаларга жыл башында түзүлгөн графиктин негизинде лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү менен текшерүүлөр жүргүзүлдү. Текшерүүлөрдүн жана лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын Административдик кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык 54 айып 75600 сомго салынып өндүрүлгөн.

Шаардык билим берүү бөлүмү шаарыбыздын өсүп келе жаткан жаш муундарына билим тарбия берүүдө иштеп жаткан  8 мектеп, 7 балдар бакчасы бар.

Нарын шаарындагы орто мектептерде 2017-2018-окуу жылында 7665 (2016-2017-ж. — 7559окуучу) окуучуга 529 мугалим,  295 (271) класс комплектиси менен бекилди, ал эми балдар бакчаларында 2214 (1897) тарбиялануучуга 95   тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.

Ремонт иштери боюнча: Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 8 орто мектебинде, 7 балдар бакчасында,  2017-2018-окуу жылына карата мектеп жана балдар бакчаларына жергиликтүү бюджеттен 457,0  миң сомго, республикалык бюджеттен 635,1 миң сом акча каражаты бөлүнүп,  тендерден 494,7 миң сомго утуп ремонт иштери жасалган.2017-жылы  үлүштүк (дем берүүчү) грантка шаар боюнча 13  млн сомго 8 долбоор өткөрүлүп, анын ичинен 8 050 766 сомго мектеп, бала бакчалардын 6 долбоору өтүп, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн 2 432 974 сом бөлүнүп берилген.Мындан сырткары эл аралык уюмдардан 5 510 683  сомго инвестиция тартылган.

Ысык тамак боюнча: 2016-2017-окуу жылынын башталышы менен мектептерде жана балдар бакчаларында ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн азык-түлүк  продуктыларын сатып алуу боюнча Нарын шаардык билим берүү бөлүмү мамлекеттик электрондук сатып алуулар порталынан каттоодон өтүп, тендер  өткөрүлүүдө. Жалпы 1-4-класстарга ысык тамак республикалык бюджеттен 2017-жылы 5 599 096 сом (4 541 900). Бала бакчаларга тамак-аш үчүн жергиликтүү бюджеттен 2017-жылы 4 544 894 сом (2016-4 160 300). Ата-энелерден тамак-аш үчүн 2017-жылы 6 732 825 сом (2016-7 194 636)чогулган.

Билим сапаты. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча 2017-жылдын 15-декабрында Нарын шаардык  жалпы билим берүүчү  орто мектептер арасында олимпиаданын II шаардык туру  В.П.Чкалов атындагы №2-мектеп-гимназиясынын базасында 12 сабак боюнча өткөрүлдү. Олимпиадага шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу 8 мектептин 9-10-11-класстарынын 292 окуучу катышкан.Катышуучулардын  ичинен 36 окуучу 1-орунду камсыз кылышып, алардын ичинен предметтик олимпиаданын облустук туруна катышууга 36 окуучу мүмкүнчүлүк алды (10-11-класстын окуучулары). Мындан сырткары 36 окуучу 2-орунга, 38 окуучу 3-орунга ээ болушту. Мектептер боюнча алган жыйынтыктын негизинде:

Нарын шаарындагы орто мектептердеги билим сапаты жалпысы 64,3 пайызды түзсө, облус боюнча 5 орунда тургандыгын белгилесек болот. Башкача айтканда шаарда бардык шарттары бар, материалдык-техникалык базасы бар, шаардык мектептерде билим сапатынын деңгээли облус боюнча алдыңкы орундарды камсыз кылбай келет. ИГА 11-класстын окуучулары үчүн улуттук тест борбору тарабынан өткөрүлгөн тестке 390 окуучу катышып, жыйынтыгында 190-200 баллга чейин 3 оуучу, №2 Чкалов орто мектебинен 1 окуучу, 2 окуучу №8 А.Буйлаш уулу орто мектебинен, ал эми  200дөн жогорку  баллга №8 Арстанбек Буйлаш уулу орто мектебинин окуучусу Токтобек уулу Бекзат ээ болуп Президенттин колунан сертификат алган.  “Алтын тамга” орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алууга орто мектептерден 24 талапкер сунуш кылынып, жыйынтыгында №7 М.Сыдыков орто мектебинин окуучусу Джаанбаева Айпери жана Медетбекова Кымбатай “Алтын тамга” аттестатына ээ болушту. Ал эми 9-классты артыкчылык күбөлүк менен 49 окуучу алган.

2016-2017- окуу жылынын жыйынтыгы менен мыкты окуган,  коомдук иштерге активдүү катышкан окуучуларга жана предметтик олимпиаданын  республикалык турунда I-орунду алган К.Жакыпов  атындагы №5 орто мектебинин 1 окуучусуна планшет, окуткан 1 мугалимге 4000 сом, 4-орунду камсыз кылган  №7 М.Сыдыков орто мектебинин 1 окуучусуна 1000 сом, окуткан 1 мугалимге 1000 сом,  андан тышкары олимпиаданын облустук турунда 1 орунда камсыз кылган 30 окуучуга 1000 сомдон, окуткан 21 мугалимге 1000 сомдон, мыкты окуган,  коомдук иштерге активдүү  катышкан 11 окуучуга 1000 сомдон, 1 мугалимге 2000 сом акчалай сыйлык  берилип, жалпы 43 окуучу, 24 мугалимге  25-май «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу аземинде Нарын шаардык мэриясынын диплому, ошондой эле  1000  сомдон Нарын шаарынын мэринин стипендиясы   тапшырылган.  Сыйлыктар үчүн акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, жалпы суммасы 76,0 миң сом  берилип,жалпысынан Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө 2017-жылы  жергиликтүү бюджеттен 300000 сом акча каражаты каралган. Окуучулардын окуу китеби менен камсыз болуусу 70,07 % (2016-2017 окуу жылы 50,85%), анын ичинен кыргыз класстар 81,4 %(59,3 %), орус класстар 58,7% (42,4 %)ды түзгөн.

Окуучулардын, жаш өспүрүмдөрдүн арасында  кылмыштуулуктуу алдын-алуу боюнча  Нарын шаарында 2017-жылдын 12 айына карата 18 жашка чейинки балдардын саны 14843 түзөт. Мунун ичинен 7-15 жашка чейинки баланын саны 6337, 15-18 жашка чейинки 1326ны түзөт. Тоголок жетим балдар 46, жарты жетим балдар 226, камкордукка жана көзөмөлдүккө алынган балдар 50, убактылуу камкордукка алынган балдар 67, «Тобокел» тобундагы балдар 19, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар 152, асыроого берилген балдар  6, тышкы мигранттардын балдары 190, ички мигранттардын балдары 188. Нарын шаардык мэриясы, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын, зордук омбулуктун жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу максатында шаардык ички иштер , билим берүү бөлүмдөрү  жана Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы менен биргеликте ар кандай багыттагы алдын алуу иштер уюштурулуп келинген.  Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу  Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы №449 токтомуна   ылайык Нарын шаардык мэриясынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиясынын 2017-жыл ичинде 16 отурум болуп, жалпы 95 сунуш каралган, алсак, Нарын шаардык ички иштер бөлүмү 48 сунуштун, Нарын шаардык прокуратуранын 3 сунушунун негизинде  бөлүмдүн тиешелүү кызматкерлери тарабынан жеринде балдардын жана  ата-энелеринин   үй-шарттары текшерилип, Кыргыз Республикасынын  административдик  жоопкерчилик жөнүндөгү  кодекстин 65-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде административдик 57 протокол толтуруп, чара көрүү үчүн Нарын шаардык мэриясынын алдындагы   Балдар иштери боюнча   комиссиянын отурумунда каралып, 21 баланын ата-энесине жана алмаштыруучу адамга  «эскертүү» берилди, ал эми 38 баланын ата-энесине жана алмаштыруучу адамга 500 сом өлчөмүндө штраф салынды.Мындан тышкары ар кандай багыттагы 38 сунуш өз убагында каралып тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Мунун ичинен  “Балдар иштери боюнча” комиссияга орто мектептерден 44 окуучу, 14 бала жогорку окуу жайлардын студенттери сунушталып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Турмуштук оор кырдаалга туш болгон 157 бала аныкталып, алардын жеринде үй-шарты текшерилип, балдардын жана үй бүлөлөргө ар тараптуу балоолор жүргүзүлүп, жыйынтыгында 157 балдарды коргоо боюнча жеке пландар түзүлүп,  Балдар иштери боюнча комиссиясы аркылуу бекитилип, көзөмөлгө алынган.

Азыркы учурда №1 Токтогул атындагы орто мектеби   8 видео камера, №4 Э.Ибраев атындагы орто   мектептин ичи-сыртына 4 камера, 8 каналдык видеорегистратор коюлган, №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин ичи-сыртына 7 камера, №8 орто мектептин ичине 5, сыртына 1, жалпысы 6 камера жана 16 каналдык видеорегистратор, №2 Чкалов мектеп-гимназиясында 8 видео-камера, №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектебинде ичи-сыртына  3 камера ,  №9 А.Садыков   орто мектебинин  сыртына 4 видео камера жана №5 К.Жакыпов орто мектеби 4 видео камера коюлган.

2017-жылдын 12 айына алсак жаш өспүрүмдөр арасында ар кандай укук бузгандыгы үчүн жыл башында каттоодо турган жаш өспүрүмдөрдүн саны 58 (2016-жылдын 12айына  40)  башкача айтканда 18 өсүш берген.

Окуучулардын жайкы эс алуусун уюштуруу  боюнча 2016-2017-окуу жылында Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылындагы “Улан” балдардын эс алуу борборуна 12 окуучу эс алып келди, анын ичинен 6 окуучу томолой жетим, 3 окуучу жарты жетим, 2 окуучу аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөнүн балдары.

Нарын шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы: Нарын шаары боюнча 2018-жылдын 1-январына карата  1160 аз камсыз болгон үй бүлөгө, же 2109 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелген болсо, 2017-жылдын 1-январына карата 1194 аз камсыз болгон үй-бүлөгө же 2132 балага ай сайын берилүүчү жөлөкпул чектелип, башкача айтканда 34 үй-бөлөгө же 23  балага азайган.

2017-жылдын 1-январына карата  сумма 94 894 300  сомду түзсө, 2018-жылдын 1-январына карата мамлекеттик жөлөкпулд төлөөгө керектелүүчү жалпы сумма 101   073 751 сомду  түзүп, 6 179 451 сомго  көбөйгөн.

Ал эми социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 2017-жылдын 1-январына карата 1309 адамды түзсө, 2018-жылдын 1-январына карата 1308 адамды түзүп, 1 адамга азайган. Азайганын себеби, МСЭКТин корутундуларынын мөөнөттөрү келип токтоп турат.  Социалдык жөлөкпулга керектелүүчү сумма 2017-жылдын 1-январына карата  53 976  200  сомду түзсө, 2018-жылдын 1- январына карата 54 148 900  сомду түзүп, 172 700   сомго көбөйгөн.

Жергиликтүү бюджеттен жеңилдиктер статьясынан 2016-жылга 968 700 сом каралып, 2017-жылга 1028000 сом каралып, 989 574 сомго  почта кызматы 1,3 пайызын кошуу менен төлөөлөр жүргүзүлгөн.

Иш менен камсыз кылуу: 2018-жылдын  1-январына карата 1362 жумушсуз  атуулдар каттоодо туруп, жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуу калктын санына алганда 8,2 пайызды түзгөн. Мунун ичинен 1248 адам расмий жумушсуздук статусу бар катары каттоодо турат. Жумушсуздардын структурасында 49 пайызын аялдар, жана 56 пайызын 14-28 жашка чейинки жаштар түзөт.  Катоодо турган жумушсуз жарандарга мамлекеттик кызматтардын негизинде көмөк көрсөтүү максатында  отчеттук мезгил  ичинде активдүү иш-чараларга (коомдук акы төлөнүүчү  жумуштарга, кесиптик окутууга, жумушсуздарга чакан насыя берүү) бардыгы 307 жумушсуз жарандар тартылган, 2017-жылга  салыштырмалуу 112  пайызга жогору болду (272 адам).Жумушсуздардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн  көбөйтүү багытында 2017-жылдын январь-декабрь отчеттук мезгил ичинде кесиптик окууга жана кайра даярдоо кыска мөөнөттүү курстарына 122 жумушсуз жаран жиберилген. Жумушсуз жарандар Нарын шаардык мэриясына 4 адам, Нарын аргымак ЖЧКсына 14 адам, Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесине 66 адам,  Таза Нарын ишканасына 17 адам, шаардык муниципалдык менчик жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына 28 адам, “Нур Асман” коомдук уюмуна 6 адам, №5 орто мектебине 10 адам,  коомдук жумуштарга тартылды жана ар кандай башка жумуштарга  (40 адам) активдүү  катышышкан. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-ноябрындагы №505-б. Буйругу менен жактырылган “Коомдоштуктарды социалдык жактан коргоонун улуттук системасын өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү” жөнүндөгү Өнүктүрүү долбоору боюнча иш-чараларды аткаруу туралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасын ортосундагы өз ара түшүнүүжөнүндө Меморондумуна ылайык Өнүктүрүү долбоорун ишке ашыруу боюнча иш жүргүзүлгөн. БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк азык түлүк программасынын көмөгү менен Нарын шаарында  аз камсыз үй-бүлөлөрдү жана жумушсуздарды убактылуу жумуш  менен камсыз кылуу жана потенциалын жогорулатуу максатында Нарын шаардык Таза-Нарын ишканасы, суу канал  муниципалдык ишканасы, шаардык өзгөчө кырдаалды алдын алуу бөлүмү, райондук суу чарба башкармалыгы менен бирдикте 514 жумушсуз жаран атайын социалдык инфраструктураны жакшыртуу долбооруна тартылып, убактылуу жумуш менен камсыз болушкан.

2018-жылдын 1-январына карата 11 долбоор ишке ашырылып, долбоорго катышкан аз камсыз болгон 1300  үй-бүлөгө 7 084 756 сом акча каражаты банк аркылуу таратылып берилген

Нарын райондук социалдык фонд башкармалыгы: 2016-жылы пенсия алуучулардын саны 7835 адам түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 47,8 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 6096 сомду түзгөн болсо, 2017-жыл ичинде Нарын шаары боюнча пенсия алуучулардын саны 7871 адамды түзүп, бир айга керектелүүчү акча каражаты 51,7 млн. сом, пенсиянын орточо өлчөмү 6568 сомду түзүп, башкача айтканда 36 адамга 1 айга керектелүүчү акча каражаты 3,9 млн сомго, пенсиянын өлчөмү 472 сомго көбөйгөн. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу взносун чогултуу планы 528,8 млн сом бекитилсе, 568,9  млн. сом чогултулуп, план тапшырма 107,6% аткарылса, 2016-жылы 482,6 млн. сом бекитилип 516,6 млн.сом чогултулуп,  план тапшырма 110  % аткарылып, же болбосо салыштырмалуу 2016-жылга 52,3 млн сом көп чогултулган.

Нарын шаардык Ж.Конурбаева атындагы китепканада жана  китепканага тиешелүү 3 филиалында жалпы 18 адам эмгектектенет. Мунун ичинен 12си китепканачы. Китепкананын китеп фондусу 476 нускадагы илимдин тармактары боюнча электрондук (токтомдун дисктери), көркөм адабияттар менен толукталган, алардын жалпы баасы 169 220 сомду түзөт. 2018-жылы жергиликтүү бюджеттен 2893,3  миң сом каралган.  Атайын каражаттын ( спец.счет) планы 20,0 миң сом болсо, 25,0 миң  сомго аткарылган, анын 19,5 сомуна китеп сатып алынган.

Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде жалпысынан 26 мугалим эмгектенишип, мектепте жалпы 4 музыкалык аспапты үйрөтүү (комуз, фортепиано,баян, чопо-чоор), бий жана театр боюнча окутуу жүргүзүлгөн.2017-2018-окуу жылында Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте окуган окуучулардын саны 220, мунун ичинен комуз- 107, фортепиано -51, баян- 20, бий -24, театр-8, чопо-чоор-8. Улуттук аспаптар боюнча 5 жыл, ал эми фортепиано боюнча 7 жыл окушуп, бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кубөлүгунө ээ болушат.

2016-2017-окуу жылында искусство мектебин жалпы 23 окуучу аяктаган, алардын ичинен комуз болүмү боюнча 17 окуучу, фортепионо бөлүмү боюнча 4 окуучу, баян бөлүмү боюнча 2 окуучу. Бул окуучулардын ичинен 6 окуучу маданият маалымат жана туризм министрлигинин кызыл күбөлүгунө 6 окуучу, ал эми 17 окуучу көк куболүккө ээ болгон.

Мектептин финансалык абалы боюнча  2017-жылга Нарын шаардык балдар искусство мектебине республикалык бюджеттен 10 265 500 сом  акча каражаты бөлүнүп берилет, бул акча каражаттын 7 220 300 сому эмгек акыга, 1 225 900 сому  социалдык фондго, калган акча каражаттары коммуналдык тейлөөлөр (эл.энергия, суу, жылуулук энергиясы үчүн). Мекеменин атайын каражатына (спец счет) ата энелерден чогултулган акча каражатынын эсебинен каражат түшөт. Жалпы былтыркы жылга 400 000 миң сом акча каражатын тушурүү пландалса, 415 388 сом акча каражаты тушкөн. Бул акча каражаттар иш сапар чыгымдарына, байланыш кызматына, ар кандай чыгымдарга жумшалган.

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн чыгармачыл курамы 8 штаттык бирдик менен иш алып барат.  Шаардык маданият бөлүмүндө  көп жылдардан бери көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жаткан  имарат маселеси чечилип, Ж.Шералиев мектебинин мурунку имаратына көчүрулүп, имараттын ички ремонт иштерине 25,2 миң сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 185,0 миң  сом бөлунүп, бул акча каражаттын 74,0  миң сомуна жаңы улуттук формалар тиктирилсе, 111,0 миң сомуна  зарыл музыкалык аспаптар алынган. Мындан сырткары мекеменин жылуулук системасын орнотууга жергиликтүү бюджеттен 80,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, тендер аркылуу 74,0 миң сомго жылуулук батареялары коюлган.

Жергиликтүү бюджеттен Нарын шаарында өткөрүлгөн баардык маданий иш чараларга  663 000     сом бөлүнүп берилген.

Нарын шаарында спорт тармагында Нарын шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү,  Нарын шаардык  балдар уландар спорт мектеби С.Бекмамбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиадалык резервдеги балдар спорт мектеби  иш алып барышат. Нарын шаардык спорт бөлүмунүн каржылануусу толугу менен жергиликтүү бюджеттен жүргүзүлөт. 2017-жылга жалпы жергиликтүү бюджеттен 1340,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп,  мунун ичинен 500,0 (2016-жыл 592,4) миң сому  жыл ичинде спорттук иш чараларды өткөрүүгө берилген.

Нарын шаардык С.Бекманбетов атындагы эркин күрөш боюнча адистештирилген олимпиадалык резервиндеги балдар спорт мектебиндe 424  жаш өспүрүмдү 17 машыктыруучү спорттун 4 түрү  (эркин күрөш балдар арасында, эркин күрөш кыздар арасында, оор атлетика (штанга), кулатуу)  менен машыктырып келет.

Нарын шаардык балдар-уландар спорт мектебинде 404 жаш өспүрүмдү 15 машыктыруучу спорттун 5 түрү (баскетбол, волейбол, теннис, шахмат жана грек рим күрөшү) боюнча машыктырып келет.

2017-жылы спорт мектебинде  Такырбашев Тилек Бишкек шаарында өткөн шахмат оюну боюнча  Кыргыз Республикасынын биринчилигинде 1-орунду, Бишкек шаарында өткөн “Шах жана Мат” республикалык шахмат фестивалында Шарипов Андрей 2-орунду камсыз кылышкан.

Жолдошбек кызы Адинай шахмат оюну боюнча Кыргызстан чемпионатында жана “Алтын Түйүн” мелдешинде 1-орунду камсыз кылган.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун отчетун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун 2017-жылга карата аткарылган иштери боюнча берген отчету эске алынсын.
  2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн, айрыкча салыктар жана башка жыйымдарды көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, шаардагы менчиктештирилген ири жер аянттарын жана ага төлөнүүчү төлөмдөрүн, базарларда иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди кайрадан тактоо шаардык салык башкармалыгына, Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
  3. Тышкы жана ички инвестицияларды тартууга карата шаардык мекемелердин, ишканалардын, мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери менен бирдикте жетиштүү чараларды көрүү жагы  шаардык мэрияга тапшырылсын.
  4. Шаардагы баардык калкка кызмат көрсөтүүчү жана тейлөөчү мекеме-ишканалардын иш аракеттерин, ишмердүүлүгүн көтөрүү, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жагы колго алынсын.
  5. Шаардык мэрия тарабынан шаарга азык-түлүк азыктарын иштетүүчү чакан ишканаларды ачууга,чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды курууга,борбордук көчөдө жайгашкан имараттардын сырткы келбетин оңдоп-түздөө, шаардын ирригациялык системасын калыбына келтирүү боюнча өзгөчө аракеттер көрүлсүн.
  6. “Таза Нарын” муниципалдык ишканасынын жана Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын финансылык абалын жакшыртуу менен берилген жыйымдардын пландарын көбөйтүү жагы колго алынып, шаардык мэрия тарабынан көзөмөл күчөтүлсүн.
  7. Нарын шаардык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин, суу канал ишканасынын, электр тармактар ишканасынын дебитордук карыздарын жоюуга карата ыкчам иш аракеттерди көрүү жагы аталган мекемелердин жетекчилерине жүктөлсүн.
  8. Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жаз айларында алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, шаардын ички тазалыгын жакшыртууну, шаардын четки көчөлөрүндөгү таштанды төгүүчү жайлардагы таштандылардын чыгарылышына көзөмөлдүктү күчөтүүнү, таштанды төгүүчү челектердин санын көбөйтүүнү, шаарды ирээтке келтирүүнү көзөмөлдүккө алуу, шаардык мэрияга тапшырылсын.
  9. Нарын шаарында билим берүүнүн көрсөткүчтөрү төмөн болушу, мугалимдердин билимин жогорулатууга толук тартылбай жаткандыгына жана окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча аракеттердин жоктугу, калктын саламаттыгын сактоодо эмдөөдөн баш тарткан адамдар менен түшүндүрүү иштерин тиешелүү деңгээлде иш алынып барылбагандыгы,окуучулардын олимпиададан орундарды камсыз кылуу деңгээлинин төмөндүгү эске алынсын.
  10. Мектептин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, шаардык билим берүү бөлүмүнө тапшырылсын.
  11. Нарын шаарында мектеп жашына жете элек, бала бакчага тартылбаган балдарга кам көрүү максатында, шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала-бакчаларды курууга инвестиция тартуу маселесин чечүү жагы Нарын шаарынын мэрине милдеттендирилсин.
  12. Нарын шаарында орун алган оорулардын, айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык оорулардын, ооруну алдын алууга, жаш балдардын өлүмүн кыскартууга, карата чараларды көрүү жана тиешелүү иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясынын вице-мэрине, үй бүлөлүк медицина борборунун директоруна тапшырылсын.
  13. Нарын шаардык мэриясына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы жүктөлсүн:
  • Борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү, тартиптештирүү жумуштарын апрель-май айларынын аралыгында бүткөрүү.
  • Нарын шаарынын санитардык абалын жакшыртуу,(базарлардын, ашканалардын, дүкөндөрдүн).
  • Шаардын таштанды төгүүчү жайын ирээтке келтирүү жана рекультивация жумуштарын жүргүзүү, ага инвестиция тартуу.
  • Жумушсуздукту жоюу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу боюнча кошумча жумуш орундарын түзүү.
  • Жеке адамдарга турак жай курууга муниципалдык жер тилкелерин кайрадан карап чыгуу жана туура көчөлөрдүн аң-чөнөктөрдүн ремонттоо;
  • Таза ичүүчү суу жетпеген калктуу конуштарды таза суу менен камсыз кылуу;
  • Шаардагы аялдамаларды (остановка)бирдей типке келтирүү;
  • Нарын шаарынын көчөлөрүнүн боюнда,парк-скверлерде, таштанды төгүүчү жайларда кароосуз жүргөн малдар боюнча “Администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү” Жобого ылайык иш алып барылып, мал ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • Шаардын элинин саламаттыгын сактоо максатында мал чарба азыктарынын тазалыгын, малдан адамдарга жугуучу ооруларды алдын алуу боюнча тиешелүү ветеринардык кызматтар менен бирдикте иш жүргүзүү;
  • Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, өнүктүрүү боюнча натыйжалуу иш алып баруу;
  • Жумушсуздукту жоюу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу боюнча кошумча жумуш орундарын түзүү.
  • Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесин жогорку деңгээлде өткөрүү максатында ыкчам даярдыктарды көрүү менен бирге,алгылыктуу иштерди жасоо,шаардын борбордук көчөсүндө жайгашкан имараттардын, парк-скверлердин сырткы абалын, көрүнүшүн оңдоп-түзөө, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтты реконструкциялоо иштерин аягына чыгаруу боюнча иш алып баруу.
  • Жалпы пайдалануудагы жерлерге түнкү жарыктарды берүүнү уюштуруу;
  • Нарын шаарынын аймагындагы көрнөк-жарнактарды КРнын Мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жайгаштырылышы боюнча иш жүргүзүү;
  • Мектеп курагындагы балдардын жана жаштардын бош убактыларын өткөрүүнү уюштуруу, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш чараларды жүзөгү ашыруу.
  1. Бул токтомду аткаруу жана көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жана шаардык тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө, шаардык ички иштер бөлүмүнө, ҮДТна, “Таза-Нарын” ишканасына, НШММБКККМИге, юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий