НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХV СЕССИЯСЫНЫН

№ 2 ТОКТОМУ

27-апрель 2018-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

          Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер  пайдалануу эрежесиндеги»  зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

                Нарын шаарынын тургуну, жеке ишкер С.Калидулдаев Нарын шаарындагы Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 4005,0 чарчы метр жер аянтына  (мал базар), Нарын шаарынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу максатында 5 кабаттуу 80 квартиралуу турак жай куруу жана П-1 зонасынан Ц-2 зонасына которуп берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине тиешелүү мекемелердин көп кабаттуу үйлөрдү курууга  макулдук корутундуларын тиркеп кайрылган арызынын негизинде жана Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесине», шаардык Кеңештин алдындагы «Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык шаардык Кеңештин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан 4005,0 чарчы метр жер аянтын же кыймылсыз мүлкүн жеке ишкер Б.Жээналиев, жеке ишкер С.Калидулдаевге белекке берүү жөнүндөгү өз ара түзгөн келишимдери жана мекемелерден көп кабаттуу турак жай курууга макулдук берген бүтүмдөрү эске алынсын.
  1. Нарын шаарынын Ленин 105 «а» көчөсүндө жайгашкан мал базарынын 4005,0 чарчы метр  жер аянтты  депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер  пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зонасына өзгөртүү киргизилип, аталган жер аянты П-1 (өнөр-жай жана өндүрүштүк ишканалардын зонасы)  зонасынан Ц-2 (жергиликтүү тейлөө борборунун жана коммерциялык активдүүлүктүн  зонасы) зонасына которулуп берилсин.
  1. Ц-2 (жергиликтүү тейлөө борборунун жана коммерциялык активдүүлүктүн  зонасы) зонасында жайгашкан 4005,0 чарчы метр жер аянтына 5 кабаттуу  4 корпустан турган 80 батирлүү  менчик  турак жайларды куруп бүткөрүү  ишин  жеке ишкер С. Калидулдаев өз милдетине алгандыгы белгиленсин.
  1. Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зонасына өзгөртүү киргизилгендигин каттоодон өткөрүү Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына тапшырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун, энергетика, транспорт, экология боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, арыз ээсине, “Курулуш  куруу  жана жер пайдалануу” комиссиясына, муниципалдык менчик ишканасына,  облустук юстиция башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына.

Добавить комментарий