НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ V СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКСИЗ    V СЕССИЯСЫНЫН

№    1 ТОКТОМУ

27-февраль    2017-жыл                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен  акча каражатын бөлүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешине 2016-жылы Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын  М.Мирахимов атындагы кардиология бөлүмү        кардиомонитор жана оксигенконцентратор алып берүүгө 157,0 миң сом, Нарын шаарындагы №9 А.Садыков орто мектеби мектептин  чатырына суу агып түшүүчү түтүктөрүн орнотууга 25,5 миң сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү сунуштары менен кайрылышкан. Сунуш каттар Нарын шаардык Кеңешинин  алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция боюнча”  туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып,  26-октябрь 2016-жылы  жергиликтүү бюджеттин “экономикалык чыгымдар” беренесинен акча каражатын бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиянын №51 протоколу чыккан. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын  кардиология бөлүмүнө жогорудагы аппараттарды сатып  алуу үчүн тендер жарыяланып,  акча каражаты алынбай калган. Ал эми №9 А.Садыков орто мектебине акча каражаты бөлүнүп, бирок  тендер өткөрүлбөй калган.

  Мындан сырткары Нарын шаардык  мэриясы    8-март аялдардын Эл аралык күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүгө, Нарын суу канал ишканасына Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын өнүктүрүү фонду аркылуу 2900,0 миң сомго алынган  ассенизатордук машинанын 10 пайыздык өздүк салымы үчүн 290,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү сунуштары менен кайрылган.

Жогорудагы маселелер Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кароосунда толугу менен каралып, комиссия өз отурумунда Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүү кезексиз сессиянын күн тартибине киргизүү менен жалпы депутаттардын талкуусуна коюуну сунуштаган.   Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө  сессияга катышкан  депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы

                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын М.Мирахимов атындагы кардиология бөлүмүнө кардиомонитор жана оксигенконцентратор сатып алууга 157,0 миң сом, Нарын шаарындагы №9 А.Садыков орто мектебинин чатырына суу агып түшүүчү түтүктөрүн орнотууга 25,5 миң сом, Нарын шаардык мэриясына   8-март аялдардын Эл аралык күнүн өткөрүүгө 125,0 миң сом, Нарын суу канал ишканасына Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын өнүктүрүү фонду аркылуу алынган ассенизатордук машинанын 10 пайыздык өздүк салымы үчүн 290,0 миң сом, жалпысынан  597,5  миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
  1. Бул токтомду аткаруу шаардык мэрияга жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

                   Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы минстрлигинин Нарын башкармалыгына

Добавить комментарий