НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ

  28-май 2018-жыл                                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 14-июнь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы   кезектеги   XXXII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү  киргизүү  жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын РТС аймагындагы “Теке Секирик” аймагынан “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондуна балдар үйүн куруу үчүн берилген жер аянтынын ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү Нарын шаардык Кеңешинин 14-июнь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги   XXXII сессиясынын №9 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
  1. Нарын шаардык Кеңешинин 14-июнь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезектеги XXXII сессиясынын №9 токтомунун мазмунундагы жана 1-2-пункттарындагы “Жетим балдар үйүн куруу” деген сөздөр алып салынып,  “Окуу-тарбиялык жана мектеп комплексин куруу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Муниципалдык менчик жер, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

  Төрага                                                                                                              Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, “Жамияти Ассалам Лиль Амааль Аль Инсаният Валь Хайрия” кайрымдуулук фондуна.

 

Добавить комментарий