НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№ 6 ТОКТОМУ

28-май 2018-жыл                                                                                                                                       Нарын шаары

Жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктан  акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеменин сунуш каты каралган Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын 2018-жылдын 10-майындагы №11 протоколунун  чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынан Нарын шаарындагы К.Жакыпов атындагы №5 орто мектебине, окуучулардын жол коопсуздугун сактоо үчүн, мектептин көчө жак бетин тосууга 181,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
  1. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                             Ж. Ботоканов                                                                                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, арыз ээлерине, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, КРнын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына.

Добавить комментарий