НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН №7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№7 ТОКТОМУ

   28-май 2018-жыл                                                                                                                                                    Нарын шаары

Нарын шаарынын Туусун жана Жобосун бекитүү жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин, Нарын шаардык мэриясынын Нарын шаарынын Туусуна сынак өткөрүү боюнча комиссиясынын корутундусунун жана сынактын жыйынтыгынын негизинде, туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын Туусу шаардын аймагындагы расмий эн белги катары аныкталсын.
  2. Нарын шаарынын Туусу катары сынактын жеңүүчүсү Рахатбек уулу Эркин тарабынан сунушталган үлгү бекитилсин (1-тиркеме).
  3. Нарын шаарынын Туусунун мазмуну, чечмелениши жана пайдалануу тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин (2-тиркеме).
  4. Нарын шаарынын Туусунун алгачкы эскиздик үлгүсүн даярдоо иштери Туунун автору тарабынан каржыланаары эске алынсын, ал эми мындан аркы аны даярдоого байланыштуу каржылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөөрү белгиленсин.
  5. Нарын шаарынын Туусун сактоо, туура жана максаттуу пайдаланууну көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                              Ж. Ботоканов                                                                                                             

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, Туунун авторуна.

 

 

1-тиркеме

Нарын шаарынын Туусу

Flag-Naryn-Mini

  2-тиркеме

Нарын шаарынын Туусу жөнүндө

ЖОБО

  1. Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарынын символдорунун бири болуп эсептелинет.
  1. Нарын шаарынын Туусунун сыпатталышы жана расмий пайдалануу тартиби ушул Жобо аркылуу белгиленет.
  1. Нарын шаарынын тургундары жана меймандары Нарын шаарынын Туусун урматтоого милдеттүү.
  1. Нарын шаарынын Туусунун өлчөмү: узундугу-1,5 метр, туурасы – 0,9 метр, ортодогу эмблеманын диаметри -0,50 метрди түзөт.

Нарын шаарынын Туусунун чечмелениши: Желектин көк фону – Бүткүл ааламды, ортодогу түндүк — Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн символу, ал эми түндүктүн ичиндеги ак мөңгүлүү аска-зоолор жана андан  агып түшкөн суу-Нарын дарыясын жана тоолуу Нарын шаарын түшүндүрөт.

Желектин жалпы мааниси: Бүткүл ааламдагы Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана улуу дарыялуу бир бурчун билдирет.     

  1. Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарынын мэринин, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын жана Нарын шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилеринин иш бөлмөлөрүндө, мэрия менен кеңештин имараттарынын мерчемдүү жерлеринде дайыма орнотулуп (коюлуп) турат.
  1. Нарын шаарынын Туусу Нарын шаарына тийиштүү салтанаттуу иш-чараларда ал өтүп жаткан жерлерге орнотулушу (коюлушу) мүмкүн.
  1. Нарын шаарына ыйгарылган тийиштүү орден, медалдар Нарын шаарынын Туусуна жайгаштырылат (тагылат).
  1. Тытылган же өңү өчүп калган Нарын шаарынын Туусун пайдаланууга, менчигинин түрүнө карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын желектери Нарын шаарынын Туусуна окшош болушуна жол берилбөөсү шартталат.
  1. Нарын шаарынын Туусун жаңы вариантка алмаштыруу же болбосо өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын үчтөн экисинин макулдугу менен гана ишке ашырылат.

Нарын шаардык Кещешинин жооптуу катчысы                                                                 А.Абдыкеримов

Добавить комментарий