НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVI СЕССИЯСЫНЫН

№ 8 ТОКТОМУ

28-май 2018-жыл                                                                                                                                                       Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы    VIII сессиясынын №7 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»  наамын берүү тартиби жөнүндө Жобосуна толуктоо киргизүү жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана Нарын шаардык Кеңешинин  депутаттардын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2017-жылдагы IV чакырылыштагы VIII сессиясынын №7 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү тартиби жөнүндө Жобосунун II главасынын 2.6 пунктуна толуктоо киргизилсин.
  1. Нарын шаардык Кеңеши 28-апрель 2017-жылга IV чакырылыштагы VIII сессиясынын №7 токтомунун II главасынын 2.6 пунктундагы акыркы сүйлөмдөн кийин, кошумча катары “жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасына өзгөчө учур катары 3 адамга аталган наамды ыйгарууга укук берилет” деген сүйлөм менен толукталсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                              Ж. Ботоканов

                                                                                                                 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга.

      

                                       

Добавить комментарий