НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХVII СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
20-июль 2018-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын аймагында мүлк салыгына жана айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн салыкка К-3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4 пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы болбогон жерлерди колдонуу үчүн салыкты киргизүү жана салык салынуучу мүлктүн наркын аныктоо тартиби жөнүндөгү 327-беренени аткаруу максатында, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын аймагында 2019-жылдын 1-январынан баштап мүлк салыгын жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин салыгынын К-3 зоналык коэффициенти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
- Салыктарды тескөө, башкаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде ишке ашырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, салык кызматына, туруктуу комиссияга.