НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 4 ТОКТОМУ

31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын карамагында турган айрым автоунааларды ишкананын эсебинен чыгыштоого жана сатууга макулдук берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын  19-беренесине, «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү» типтүү Жоболорго жана шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун  чечимине  ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1.  Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын эсебинде турган ГАЗ-53, 1985 NA мамлекеттик номерлүү автоунаасын муниципалдык менчиктин эсебинен чыгарууга, ал эми ГАЗ САЗ3508 1992-жылы өндүрүштөн чыккан 1753 NA мамлекеттик номерлүү жана ГАЗ САЗ3507 1990-жылы өндүрүштөн чыккан 1852 NA мамлекеттик номерлүү автоунааларын сатууга макулдук берилсин.
  1. Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы жана Нарын шаардык мэриясы автоунааны муниципалдык менчиктин эсебинен чыгаруу жана автоунааларды сатуу иштерин Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Мыйзамына жана «Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү», «Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү»  типтүү Жоболоруна ылайык жүргүзүлсүн.
  1. Мекеменин баланстан чыгарууда 1988-жылы өндүрүштөн чыккан мамлекеттик номери 1985 NA автоунаасынын жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдалануу жана жараксыз тетиктерин кара металл катары сатуу жагы «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчилигине тапшырылсын.
  1. Автоунааларды сатуудан түшкөн акча каражатын жергиликтүү бюджеттин эсебине которуп берүү жагы «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчилигине жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Таза-Нарын» ишканасына, ММИге, облустук юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий