НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

shapka-toktomНАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ ХVIII СЕССИЯСЫНЫН   

                 № 8 ТОКТОМУ             

31-октябрь 2018-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын   32-беренесинин 2-бөлүмүнө, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 32-главасынын 6-бөлүмүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин 27-апрель 2018-жылдагы IVчакырылыштагы XV  сессиясынын №3-токтому менен бекитилген Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   туруктуу комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
  • “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты У.Сопакунов Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгына байланыштуу “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
  • «Кыргызстан» фракциясынын мурдагы депутаты Д.Курманов Нарын шаарынын 1-вице-мэри кызматына өткөндүгүнө байланыштуу «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылсын;
  • КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын 24-май 2018-жылдагы №107 чечимине ылайык «Кыргызстан» фракциясынан Н.Андабеков депутаттык мандат алгандыгына байланыштуу «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;
  • «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясынын сунуш катынын негизинде М.Жумаканов “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагалыгынан чыгарылып, «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;
  • «Ала-Тоо-Ынтымагы» фракциясынын депутаты А.Токошев “Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;
  • “СДПК” фракциясынын сунуш катынын негизинде Р.Ибраимова “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөсүнөн чыгарылып, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин;
  • “СДПК” фракциясынын депутаты Н.Жумакадырова “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын курамынан чыгарылып, «Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
  1. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы туруктуу комиссиялардын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция”, “Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология”, “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”  туруктуу комиссиялар менен биргеликте иш алып баруу жагы Нарын шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарына (У.Сопакунов) жүктөлсүн.
  3. Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт” жана “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымдоо каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиялар менен биргеликте иш алып баруу Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басарына (А.Калманбетова) жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                                Ж.Ботоканов

                                                    

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, фракцияларга, облустук юстиция башкармалыгына.

                         

 

 

          Тиркеме

Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиялары

1.         Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча    туруктуу  комиссиясы
1 Өмүракунов Нарынбек Нурдинович -“Республика-Ата Журт” фракциясынан төрага
2 Мукамбетов Сталбек Бейшебаевич “КСДП” фракциясынан орун басары
3 Усубалиев Бакытбек Дюшекович-“Ала-Тоо Ынтымагы” фракциясынан катчысы
4 Жолдошбеков Максат Жолдубаевич-“Кыргызстан” фракциясынан мүчөсү
5 Кубатбеков Сади Кубатбекович- “КСДП” фракциясынан мүчөсү
6 Бошубеков Сүйүнбек Карыбекович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан мүчөсү
2.      Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясы
1 Сакыбаев Майрамбек Сыдыкович -“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан төрагасы
2 Мамытканов Жыргалбек Шамшыбекович -«КСДП» фракциясынан катчысы
3 Жумаканов Мустафа Бейшебаевич -«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан   мүчөсү
4 Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич -«Республика — Ата Журт» фракциясынан мүчөсү
5 Андабеков Нурбек Турдугазиевич -«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү
6 Жумакадырова Назира Мамытовна “КСДП” фракциясынан мүчөсү
3. Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясы
1  Аскарбеков Айбек Аскарбекович -“КСДП”  фракциясынан төрага
2 Токторалиев Алтынбек Ысмаилович- «Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан орун басары
3 Казиева Элмира Муктаровна -“Республика Ата-Журт” фракциясынан катчысы
4 Иманкулов Адилет Кайратбекович-« Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан мүчөсү
5 Мидинова Назира Төлөмүшовна-«КСДП» фракциясынан мүчөсү
4. Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Асанова Динара Иманакуновна — «Кыргызстан» фракциясынан төрайым
2 Абдыкеримов Бакытбек Намазбекович-« КСДП»  фракциясынан орун басары
3 Чоробек кызы Айзат-«Ала-Тоо ынтымагы» фракциясынан катчысы
4 Жолдошев Алмаз Жамгырбаевич -« Республика Ата-Журт» фракциясынан мүчөсү
5 Исаков Талантбек Өмүрович—« Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан мүчөсү
6 Сыдыгалиев Максат Кумарбекович -« КСДП » фракциясынан мүчөсү
5.Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясы
1 Токошев Айбек Муратбекович- -«Ала- Тоо ынтымагы» фракциясынан             мүчөсү
2 Ибраимова Ырысбүбү  -«КСДП» фракциясынан                  мүчөсү
3 Байышов Камчыбек Байышович-«КСДП» фракциясынан мүчөсү
4 Адиев Рахат Нурдинович «КСДП» фракциясынан мүчөсү
5 Алимова Рашида Журабаевна-«Кыргызстан» фракциясынан мүчөсү

 

Жооптуу катчы                                                                                                           А.Абдыкеримов

Добавить комментарий