НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXI СЕССИЯСЫНЫН № 2\3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ  ХXI СЕССИЯСЫНЫН

№  2\3 ТОКТОМУ

 26-февраль  2019-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдын 1-январына карата  калган калдыктан акча каражатын бөлүү жөнүндө

         Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетин 2019-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен «Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине» жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы, жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына карата калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен төмөндөгү мекемелерге 4308,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
  • Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов атындагы орто мектептин С.Орозбак көчөсүнүн экинчи тарабын тосууга 300,0 миң сом;
  • Нарын шаардык статистикасы жана үй чарбалык бюджетин изилдөө бөлүмүнө 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттого керектелүүчү каражаттарды алууга 150,0 миң сом;
  • Нарын шаарында өзгөчө кырдаалды алдын алууга 100,0 миң сом;
  • Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасына дебитордук карыздарын жабууга 163,0 миң сом, жалпы кызматкерлерди сыйлоого 100,0 миң сом;
  • Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайын капиталдык ремонттон өткөрүүгө 100,0 миң сом;
  • Нарын суу канал ишканасына суу алуучу жайларды кайтарууга 500,0 миң сом, иш убактысында каза болгондордун үй-бүлөөсүнө компенсация төлөөгө 1,0 млн сом, сууга кошууга хлор алууга 300,0 миң сом;
  • Нарын шаарындагы жаш дарыгерлердин батирине 105,0 миң сом;
  • Нарын регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына пландалган долбоорлордун иш кагаздарын даярдоого 500,0 миң сом;
  • Нарын шаарынын Аксакалдар сотуна 70,0 миң сом;
  • Нарын шаардык Ардагерлер Кеңешине 80,0 миң сом;
  • Нарын шаардык мэриясына РТС аймагындагы балдар ойноочу аянтчанын кошумча жазалган жумуштарына 160,0 миң сом;
  • Депутаттык 5 фракцияга 480,0 миң сом;
  • Жаңы бала-бакчанын курулушунун долбооруна (ПСД) 200,0 миң сом.
  1. Бөлүнгөн акча каражаты Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде берилсин жана токтомду аткаруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы башкармалыгына, юстиция башкармалыгына

Добавить комментарий