НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

    НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VI СЕССИЯСЫНЫН        

     №1 ТОКТОМУ

 

                      6-апрель 2017-жыл                                                                                   Нарын шаары

Нарын шаарынын Аксакалдар сотунун жаңы  курамын бекитүү жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин  XXVI чакырылыштагы  VI сессиясынын №4 токтому менен бекитилген    Нарын шаарынын  Аксакалдар сотунун  мөөнөтү  бүткөндүгүнө байланыштуу,жаңы сунушталып жаткан Аксакалдар сотунун  курамын “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча”  жана “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссияларынын отурумдарында  талкууланып, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык  алардын жаңы курамын   бекитип  берүүнү   Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунуштаган. Жогорудагыларды талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                       ТОКТОМ  КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соту жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык  Аксакалдар сотунун  жаңы  курамы 9 адамдан бекитилсин. (Курамы тиркелет)

  1. Жаңы бекитилген Аксакалдар сотунун курамына,   Аксакалдар сотунун төрагасын жана катчысын шайлагандыгы жөнүндөгү протоколун  шаардык Кеңешке бир  жуманын ичинде жиберүү жагы тапшырылсын.

  1. Аксакалдар сотунун иш бөлмөсүн чечип берүү жана  иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы  шаардык Кеңешке  ( Ж.Ботоканов), шаардык мэрияга(Э.Алымкулов) тапшырылсын.

  1. Аксакалдар соту шаардык  Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча”, “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиялары  жана шаардык укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна  өзгөчө көңүл бурулсун.

 

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, Аксакалдар сотуна

Добавить комментарий