НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН №2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

                  НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VI СЕССИЯСЫНЫН                                                                                                       №2 ТОКТОМУ                                                                                                        

            6-апрель 2017-жыл                                                                                                    Нарын шаары                                 Нарын шаарында ири мүйүздүү бодо малды идентификациялоодо малды каттаган каттоочунун эмгек акысын бекитип берүү жөнүндө                                                                                            Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнь  №91 “Жаныбарларды идентификациялоо” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №164 токтому менен бекитилген “Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2016-жылдагы 11-апрелиндеги №187  Токтомуна ылайык  бир башка кеткен чыгымдар 100 сомдон ашпоо керек.Бир ири мүйүздүү бодо малга керектелүүчү жуп идентификациялык номери бар кулак биркасынын өздүк баасы 37 сом 76 тыйынга бекитилип, малды каттаган коттоочунун (регистратор) эмгек акысы 30 сомдон кем болбоосу белгиленген.  Нарын шаардык мэриясы Нарын шаарында ири мүйүздүү малды идентификациялоодо  малды каттаган каттоочунун эмгек акысын сессияда бекитип берүү боюнча Нарын шаардык Кеңешине 2017-жылдын 6-мартында сунуш кат менен кайрылган.                         Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” жана  “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”     туруктуу  комиссияларынын отурумунда шаардык мэриянын, райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жоопту кызматкерлеринин катышуусунда каралып, Нарын шаарында ири мүйүздүү малды идентификациялоодо  малды каттаган коттоочунун (регистратор) эмгек акысын 32 сом 24 тыйынга, жалпы бир ири мүйүздүү малга кетүүчү чыгымды  70 сомго бекитип берүүнү туруктуу комиссиялар  кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү менен депутаттардын талкуусуна коюуну сунушташкан.              Мындан сырткары   туруктуу комиссиянын депутаттар азыркы учурда Нарын шаарында мал оорулары күчөп жаткандыгын,  шаарга атайын штаттык бирдиги менен ветеринардык бөлүм ачуу боюнча жогорку жактарга сессиянын атынан кат жолдоо маселесин да көтөрүшкөн. Нарын шаарында 2012-жылы Нарын шаардык ветеринардык башкармалыгы жоюулуп, райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгына кошулгандан бери , Нарын шаарында малдын саны кескин өсүп, мал союучу жайлар ачылып, айыл жергесинен, башка региондордон   көптөгөн малдар ташылып келүүдө.  Базарларда сатылган  эттин сапаттуулугу текшерилбей жаткандыгы,  ар кандай жугуштуу ооруларга карата шаар элинин малы  толук эмдөөлөрдөн өтпөй жаткандыгын билдирүү менен Нарын шаардык Кеңеши тарабынан  бир нече ирээт шаардык ветеринардык башкармалыкты кайра ачып берүү үчүн     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына бир нече ирээт кат жолдонсо да маселе оң жагына чечилбей келет.                                                                                                                        

Жогорудагылардын негизинде  сессияга катышкан депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                              ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаарында ири мүйүздүү малды идентификациялоодо малды каттаган коттоочунун (регистратор) эмгек акысы 32 сом 24 тыйынга жана  бирканын өздүк наркын  кошкондо жалпы бир ири мүйүздүү малга кетүүчү чыгым  70 сомго бекитилсин.                                                                                                      

   2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан идентификация жумуштарын  сапаттуу жүргүзүүгө карата алгылыктуу  иш аракеттер көрүлсүн.                                                                                                                                       

  3. Нарын шаардык Кеңешинин  жалпы депутаттарынын атынан Нарын шаарына ветеринардык бөлүм ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кат жолдоо  Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.                                                                                                                   

  4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” жана  “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча”     туруктуу  комиссияларына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, райондук ветеринардык башкармалыгына

Добавить комментарий