НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXХVI СЕССИЯСЫНЫН

 № 7 ТОКТОМУ

14-июнь 2024-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

 

«Нарын шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларын кабыл алуу боюнча Эрежесин» бекитүү жөнүндө

Саркынды сууларды чыгаруу системасын жана шаардык тазалоочу курулмаларды талаптагыдай пайдаланууну камсыз кылуу, Нарын дарыясынын бассейнин зыяндуу жана уулуу заттар менен булгоону болтурбоо максатында, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 14-январь 1994-жылдагы  токтомуна ылайык иштелип чыккан ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2023-ж. 15-январдагы «Суу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык кеңешинин алдындагы “Муниципалдык жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура –курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларын кабыл алуу боюнча эрежеси жана кабыл алынган зыяндуу заттардын жол берилген максималдуу берилген концентрациясынын (МБК) ченемдери тиркемеге ылайык  кыргыз  жана расмий  тилдеринде бекитилсин.
  2. Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, «Нарын суу канал» муниципалдык ишканасына, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы менен биргеликте суу коргоочу курулмалардын курулушуна, пайдаланылышына жана өнөр жай агындыларын шаардык канализацияга агызуунун шарттарына Нарын шаарынын канализациясына өндүрүштүк агынды сууларды кабыл алуу эрежелеринде каралган талаптарга жана ченемдерге ылайык контролду күчөтүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын облустук башкармалыгы менен бирдикте пайда болгон уулуу калдыктарды сактоо үчүн жай бөлүп берүү жагы Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна тапшырылсын.
  4. Өндүрүштө майларды, мунай продуктыларын, оор металлдардын туздарын жана башка ингредиенттерди пайдаланган өнөр жай ишканаларын, уюмдарды жана башка юридикалык жактарды шаардын канализациясына төгүүгө жатпаган өндүрүштүк объектилерде алдын ала тазалоочу жайларды камсыз кылууга милдеттендирилсин, жана алдын-ала тазалоочу жайларды эффективдүү пайдалануу боюнча чаралардын планы боюнча иш алып баруу жагы Нарын шаардык суу канал ишканасына тапшырылсын..

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт жана коммуникациялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                                                                                         А.Молдосалиев

 

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, мэрияга, суу-канал ишканасына, Нарын райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна, юстиция башкармалыгына;

 

Нарын шаарынын канализациясына өндүрүш агынды сууларын кабыл алуу ЭРЕЖЕСИ тиркеме

Добавить комментарий